Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 28-октябры № 31
Керме-Тоо, Коммунист айылдарындагы газ түтүктөрүн калыбына келтирип жаратылыш
газын жеткирүү боюнча кошумча акча каражатын ажыратуу жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (бешинчи чакырылган) кезексиз VII сессиясы күн тартибиндеги: ”Керме-Тоо, Коммунист айылдарындагы газ түтүктөрүн калыбына келтирип жаратылыш газын жеткирүү боюнча кошумча акча каражатын ажыратуу жөнүндөгү ” биринчи маселени карап чыгып, талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Газдаштыруу боюнча Керме-Тоо айылындагы аткарылган иштерди көрүп чыгууга төмөнкү курамда комиссия түзүлсүн: айылдык кеңештин депуттары- Ж.Камилов, А.Эшпаев, А.Камилов, Э.Якубов, Ш.Сайфитдинов, айыл өкмөтүнөн-Э Кажанов жана айыл башчы- С.Атабаев.
2. Комиссия аткарылган иштерге акт түзүп айылдык кеңештин төрагасына жана айыл өкмөттүн башчысына тапшырсын.
3. Айыл өкмөтүнө Коммунист айылын газдаштыруу үчүн кошумча түшкөн каражаттардын эсебинен акча каражаты бөлүп берүү (сметанын негизинде) жана Ош газ башкармалыгырна аткарган иши үчүн акча каражатын төлөп берүүгө кепилдик берүү жагы тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кызыл-Кыштак айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Н. Иззатуллаев
|