Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 24-февралы № 17-1
Бел айыл аймагынын 2014-жылында социалдык –экономикалык жактан өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана 2015-жылга милдеттери жөнүндө
Бел айыл өкмөтү аймактын социалдык – экономикалык жактан өнүгүүсүнө Кыргыз Республикасынын 2013-2017-жылдарга социалдык өнүгүү стратегиясын негиз катары кабыл алуу менен ал айыл аймагында тездетилген экономикалык өсүштү жана социалдык камсыздоочу программа болуп эсептелет. Айыл өкмөтү тарабынан атайын программа иштелип чыгып айыл аймагында 2014-жыл ичинде бир топ алгылыктуу иштерди аткарууга жетише алды.
Айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан ар түрдүү маанидеги 86 токтом, 79 буйрук чыгарылган. Атуулдардан 24 жазуу жүзүндөгү арыздар келип түшкөн жана арыздарга өз убагында жооптор берилген. Айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан 108 жараан, айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары тарабынан 64 жараан кабыл алынган.
Айыл өкмөтүнүн бюджети:
2014-жылдын 7-февралында депутаттардын Бел айылдык кеңешинин сессиясы тарабынан Бел айыл өкмөтүнүн 2014-жылга бюджетин 7 430,9 сом эсебинде бекитилди. Айыл өкмөтүнүн бюджетин толуктоо боюнча боюнча аракеттер көрүлүп 2014-жылдын 1-жарым жылдыгында салык жыйноонун көрсөткүчү 111,7 %, июль айында 105,9 %, август айында 279,9% аткарылды. Кошумча булактарды издеп табууда 10 жеке ишкер патент менен иштөөгө тартылды. Көп жылдык салыктан карызы бар дыйкан чарбалардын карыздарын кыскартуу багытында салык кызматкерлери жана райондук социалдык фонддун адистери менен биргеликте түшүндүрүү иштери алып барылууда. Жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча толук маалымат тиркелет.
Айыл аймагында 3 орто, 1 толук эмес орто мектеп, 2 үй-бүлөөлүк дарыгерлер борбору, 2 балдар бакчасы, 1 жамааттык балдар бакчасы, 9 мечит, 3 жыгач тилүүчү жай, 3 песко блок чыгаруучу цех, 3 жем тартуучу тегирмен, 1 ун тегирмен, 4 мончо, 2 техникалык кызмат станциясы жана дөңгөлөк желимдөө, 11 соода точкалары, 4 той-маараке өткөрүүчү жайлар элге кызмат көрсөтүп ыктыярдуу патенттин негизинде иштеп келишүүдө. Атап айтсак Апсатарова Карамат тарабынан иштетилип жаткан пахта тазалоочу жай 850 кг пахта тазалап 10200 сом, 3 пескоблок чыгаруучу ишканалар 10 082 даана даана кирпич чыгарышып, анын 6527 даанасы 22-23 сомдон сатылып 166 459 сомдук, жеке ишкер Таштемирова Жамила тарабынан иштетилип жаткан кийим тигүүчү цех 44 500 сомдук, 2 жыгач тилүүчү ишканалар 870 450 сомдук, мончолор 38 000 сомдук , автоунааларга кызмат көрсөтүүчү жайлар 36 700 сомдук , жеке ишкер Мамажанов Нурбекке таандык жайкы ашкана 121 000 сомдук жана Абдилазиз уулу Чыңгызга таандык май куючу жай 280 000 сомдук соода жүгүртүүгө жетишишти.
Бел айыл аймагында 512 үй-бүлөгө мамалекеттик жөлөк пул чектелген. Алар ай сайын жөлөк пулдарын алышууда. 2014-жылдан аз камсыз болгон оорукчан 4 жаранга 23 000 сом жардам берилди.Алар:Жолдошов Абдыжапар-7 000 сом, Жапаров Колдош – 5 000 сом, Акматова Үмүткө баласы экөөнө 10 000 сом, Арипова Умсунайга – 1 000 сом жардам берилди. Кургак учук оорусу менен ооруган жарандарга 30 000 сомдук, жалгыз бой карыяларга отун үчүн 7 000 сомдук материалдык жардам берилди.Карыялар күнүнө карата 16 кары-картаңга 7 500 сом, декабрь айындагы майыптар күнүнө 10 майыпка 5 000 сом, ВИЧ СПИД оорусуна чалдыккан 5 жаранга 10 000 сом, арыз менен кайрылган 3 жаранга 5 000 сомдон 15 000 сом акчалай жардам көрсөтүлдү.
Аймактагы мектептер, бала бакчалар жана ҮБДБлорунда 2013-2014-жылга көмүр менен толук камсыз болуп жылытуу мезгили талапка ылайык өткөрүлдү. 2014-2015-жылдарга кышка жылытуу мезгилине даярдык көрүүгө Г.Эргешов атындагы “Бел-Өрүк” орто мектебине 96 тонна БСШ маркасындагы көмүргө келишим түзүлүп бүгүнкү күнгө көмүр толук келип түштү.Ошондой эле айыл өкмөтүнө, “Тимурлан Алым” жана “Жоогазын нуру” балдар бакчаларына 12,7 тонна БК маркасындагы көмүргө келишим түзүлүп октябрь айы ичинде келип түшүүсү каралган. Элди таза суу менен камсыз кылууда иштен чыккан жана жараксыз абалга келген суу түтүктөрү оңдолуп, ошондой эле суу бөлүштүргүч жайлары тазаланып элге мүмкүнчүлүккө жараша суу берилип жалпысы 70 миң сом акча сарпталды. Жазгы талаа жумуштарын утурлап суу берилчү лотокторду ашар жолу менен тазалоо иштери жүрдү. Күңгөй бөлүктөгү 700 метр лотоктор ашар жолу менен тазаланды, жарака алган, сынган жерлери ремонттолду, 4 жерде суу бөлүштүргүч жаңы дарбазаларды орнотуу каралды. Элди таза ичүүчү суу менен камсыздоодо Г.Эргешов атындагы “Бел-Өрүк” орто мектебинин суу түтүктөрү толуп, жараксыз болуп суу чыкпайт. Бел айылындагы “Тимурлан –Алым” балдар бакчасында, “Кеңеш” орто мектебинде, “Ой-Талаа” орто мектебинде,Ой-Талаа бөлүмүндө жана “Жоогазын нуру” балдар бакчасында да абал ушундай. Күңгөй тараптагы лотоктун абалы өтө кооптуу, бир топ жерлери чөгүп кеткен, кошулган жерлеринин резина койгучтары эскилиги жетип чирип, суу адрессиз ар кай тарапка агып ысырапкорчулукка кабылган. Лоток райондук суу чарба башкармалыгынын балансында турат, бирок лотокту тейлөө ойдогудай эмес. Ошондой болсо да эл арасында сууну максаттуу жана үнөмдүү пайдалануу боюнча кеңири түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. “Мүрөк” СПА сынын бул багытта жеткиликтүү иш алып барбагандыгы жогорудагы мисалдардан көрүнүп турат жана карызы өткөн мезгилге 36,0 сомдон ашып түшүп, бүгүнкү күнгө карызы толук жоюлду. Жогорку иштер менен биргеликте ички арыктарды тазалоо, чабуу иштери жергиликтүү элдин жардамы менен толук аякталды.
Жазгы талаа иштери башталганча аймактагы көйгөйлүү маселе болгон жер астындагы суулардын көтөрүлүшүн алдын алуу максатында Бел , Борбаш айылдарында 843,0 сомдук 6 480 метр пландалган дренаж толук тазаланды, кооптуу делген 1000 метр селкана казылып жолдору тазаланды. Ошондой эле элдерден келген арыздарды канааттандыруу максатында айыл өкмөтүнүн бюджетинин эсебинен 270,0 сом каралып 1650 метр сел сууларын өткөзүүчү канал дренаждар тазаланды. Ошого карабай Бел айылынын Толубай көчөлөрүндө, Т.Султанов көчөлөрүндө жер астындагы суулардын денгээли көтөрүлүп азыркы күндө жашоочуларга үйлөрүнүн астынан, короолорунан суу чыгып кыйынчылык туудуруп жатат. Саз бөлүмүнүн жашоочуларынын ушул маселе боюнча оозеки кайрылуусун аткарып берүүдө 530 метр толуп калган дренажды тазалоодо К.Асанов жана бир кошунасы тоскоолдук жаратышып, дренаждын четиндеги тал-теректерин кыйбай, трактордун кирүүсүнө каршы туруп алышкандыктан дренаж тазаланбады.
Билим берүү тармагында Г.Эргешов атындагы “Бел-Өрүк” орто мектебинде китепкананын китеп фондусун көбөйтүү, окурмандарды тартуу максатында уюшкандыкта областтык семинар өткөрүлүп айыл өкмөтү 40,0 сом, ал эми “Жаш” толук эмес орто мектебинде өткөрүлгөн “Түстөр дүйнөсүнө саякат” аттуу райондук семинарга 15,0 сом акчалай колдоо көрсөттү.
“Нооруз” элдик майрамын айыл аймагында уюшкандыкта өткөрүү максатында үстүбүздөгү жылы майрамды өткөрүү Г.Эргешов атындагы “Бел-Өрүк” орто мектебинде майрамдоо белгиленип, эки айылдын элинин башын бириктирип оюн-зооктор, спорттук оюндар, улуттук оюндар, ыр-кесе уюштурулуп жогорку деңгелде өткөрүлдү. Элдик майрамды уюшкандыкта өткөрүүнү утурлай Г.Эргешов атындагы “Бел-Өрүк” орто мектебинде футбол аянты, 2 волейбол ойноочу аянты кайрадан оңдолуп жасалып берилди. Аткарылган иштерге айыл өкмөтү тарабынан 20,0 сом колдоо көрсөтүлдү. Жалпы майрамдын катышуучулары үчүн “Айсалкын” эс алуу жайында айыл өкмөтү тарбынан сый тамак берилип, ыр-кесе, спорттук, улуттук оюндардын жеңүүчүлөрү акчалай сыйлыктар менен сыйланышып жалпы сыйлык фонду 40,0 сомду түздү. Жаз майрамына карата авто жол боюндагы таштандылар тазаланып, жол жээктери иретке келтирилип, дарактар акталды жана административдик имараттар акталып, сырдалып иретке келтирилди.
Административдик имараттардын алдына бак тигүү, көчөлөрдү көрктөндүрүүгө Ноокат токой чарбасынан 200 түп терек, 40 түп арча, 30 түп ак кайың көчөттөрү алынып келинип тийиштүү мекемелерге таркатылып берилди.
Жазгы талаа жумуштарына даярдык да канааттандырарлык деңгээлде уюштурулуп 390 га аянттагы күздүк эгиндерге минералдык жер семирткичтер чачылды. Белгилүү болгондой Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан берилген арзандатылган баадагы 168,85 тонна жер семирткич ти дыйкандарыбыздын негизги бөлүгү сатып алууга жетишишти.
Адырдагы 160 га жерге суу берүүдө Көк-Жар айыл өкмөтүнүн Ак өтөк айылынын тургундары сууну оң келген жерден бууп салышып, лотокторду тешип суу жыгып суунун кетишине тоскоол болушат. Натыйжада адырга суу жетпей дыйкандар тиешелүү түшүм алууга, дыйканчылык кылууга кыйынчылык туулуп келген. Жергиликтүү калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана лотоктоту ремонттоо менен, график менен суу берүүнү колго алып мураб дайындоодон быйылкы жылы суу адырга канааттандырарлык өлчөмдө жетип турууда. Оруп-жыюу компаниясын өз мезгилинде сапаттуу өткөрүүгө айыл өкмөтүндө штаб түзүлүп, өз отурумдарында чечилүүчү маселелерди жеринде карап, такай көзөмөлдө болгондуктан оруп-жыюу өз убагында аткарылды. Орточо түшүмдүүлүк буудайдан 9-12,5 ц. , арпадан болсо 10-12 ц. айланды. Түшүмдүүлүктүн быйылкы жылы төмөн болушуна жаз, жай мезгилдеринин кургакчыл келиши менен мүнөздөлөт.
Айыл аймагында катталган техникаларды ээлери жазгы талаа жумуштарына даярдыктан өткөрүшүп, жазгы талаа жумуштарын жана кылкандуу дан эгиндерин оруп-жыюуну өз убагында аткарууда дыйкандарга кызмат көрсөтүштү.
Ветеринария тармагында: айыл аймагында эпизоотикалык абалды туруктуу кармоо максатында 1960 баш кара сан оорусуна, 1600 баш ящур оорусуна, 2600 баш майда жандык оспа оорусуна, иттердин кутурмасына 75 баш ит, мышыктардын кутурмасына 69 баш мышык эмделди. 9 айда айыл аймагында 157 жолбун ит- мышыктар атылып жок кылынды. Ошону менен бирге эле ит, мышык кармоону каалаган жараандар мыйзам чегинде эмдөөлөрдү алып, багуунун туура эрежелерин сактоо боюнча ветеринардык даарыгерлер тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Сибирь жарасына кара малды эмдөө айыл аймагы боюнча август-сентябрь айлары ичинде 95% жүргүзүлдү.
Борбаш айылынын Ой-Талаа бөлүмүндө жашоочулар өз каражаттарына, ашар ыкмасы менен көчөлөрдү иретке келтиришип 3 жерден Ош-Исфана авто жолуна чыгуучу көчөлөрдү оңдоп, колдонууга ылайык келчү көпүрөөлөрдү салышты.
Бел айылында жаңы көрүстөнгө ашар жолу менен тосмолор орнотулуп, мазарга кирүүчү жолду, көпүрөөнү 1980-жылкы туулган жарандар өздүк салымдары менен жасашты жана мазарда 1984-жылкы туулган жергиликтүү балдар өз күчтөрү менен эс алчу жана тамактануучу жай куруп беришти. Айыл өкмөтү тарабынан мазарды тосуу иштерине 1 (бир) тонна цемент жардам берилди.
Айыл аймагында спорт жаатында машыктыруучусу Сапаров Абдилаким тарбиялаган балдар спорттун волейбол түрү боюнча райондо жана облуста 1-орунду камсыз кылышып, 3 тарбиялануучу республикалык курама командада ойноого жетишишти. Алардын спорттук мелдешке баруусуна айыл өкмөтүнөн 10 000 сом жардам көрсөтүлдү. Республикалык өткөрүлгөн улуттук оюндарга бизден да балбандар катышышып аларга 14 000 сом колдоо көрсөтүлүп жыйынтыгында күрөш боюнча Бекботоев Тыныч 2-орунду, таш көтөрүү боюнча Бөрүбаев Талант 2-орунду, оодарыш боюнча Жороев Кылыч 3-орунду, таш ыргытуу боюнча Кадыров Бакыт 3-байгелүү орундарды камсыз кылышты.
2014-жылдын 9 айында жалпы суммасы 1 266 800 сомдук жумуштар аткарылды. Алар, Борбаш айылында М.Айтиев тарабынан суммасы 500,0 сомдук мончо курулуп ишке кирди, Каңды бөлүмүндө жергиликтүү бюджеттен 70,0 сом бөлүнүп көпүрө салынды, Борбаш айылында 3 көпүрө салынып ар бири 15,0 сомдон турган 5 даана плита коюлду. Бул жумуштарга айыл өкмөтү 10,0 сом каржылады жана демөөрчүлөр тарабынан 390,0 сомдук колдоо көрсөтүлүп жумуштар аткарылды.
Айыл аймагында жергиликтүү жамааттардын өздүк салымдары менен жай мезгилинде Борбаш айылында 5-көчөгө 700 метрдей жерге шагыл төшөлдү, Бел айылында М.Жунусов, Г.Эргешов, К.Зиядинов көчөлөрүнө шагыл төшөлүп, түздөө иштери аткарылды. Үстүбүздөгү жылда да айыл аймагы боюнча бир канча көчөлөргө шагыл төгүп түздөө муктаждыгы бар.
Көчөлөрдө көрнөк-жарнактар эскилиги жетип алмаштырууга муктаж, бирок эскертүүлөргө карабастан иш жылбай келет, бул боюнча айыл башчыларга эскертүү берилген. Айыл аймагына кире бериштеги “Бел айыл аймагына кош келиңиздер!” аттуу постамент мезгил талабына жооп бербейт. 2015-жылга аталган маселени чечүүгө смета, проектилер иштелип чыкты.
Көчөлөрдү жарыктандыруу боюнча Т.Заитов көчөсүнө толук лампалар коюлган, бирок тез эле бир тобу күйүп калып бара- бара эски калыбына түшө баштады. Борбаш айылында да негизги авто жолдун четин жарыктандыруу маселесин чечүү зарыл. Ушул маселеге чукул электр энергиясына болгон карыздарды чечүү боюнча райондук мамлекеттик администрация менен биргеликте 34 карызы көп жараандар териштирилип , карыздын чыгуу себептери аныкталып , туура эмес коюлган карыздардын бир тобу чечилди. Аймакты электр энергиясы менен камсыздоодо аймактагы болгон кароосуз калган 21 трансформаторду райондук электр тармактар ишканасынын балансына өткөрүп берүү иши аяктады, 2015 –жылдан РЭТтин балансына алынат. Жергиликтүү калк электр зымдары өткөн линиялардын астына тал-теректерди тигип алар өскөн сайын линияга тийип, электр чыңалуусун пайда кылып, трансформаторлор күйгөн учурлар жок эмес. Маселен Додоң бөлүмүндө мындай мисалдар толтура. Ушул эле учурда Күңгөй бөлүмдөгү жашоочуларды электр менен камсыздоо биринчи маселе бойдон келе жатат. Ушул маселелерди чечүүдө айыл өкмөтү июль айында тендер өткөрүү менен жалпы баасы 787 000 сом болгон үч даана трансформаторлор сатылып алынып Бел айылынын Чүчүк, Додоң жана Борбаш айылындагы Ой-Талаа бөлүмдөрүнө алынып келинди. Райондук электр тармактар ишканасы тарабынан абоненттердин электр эсептегичтерин сыртка чыгаруу иштери Борбаш айылында толук бүттү, Бел айылында 60 %га аткарылды жана бүгүнкү күндө сыртка чыгарып орнотуу жүрүп жатат.
Бел айылынын Тегирмен башы бөлүмүнө суу насос аркылуу берилет, тилекке каршы насосту иштетүүдө электр энергиясына болгон карыз убагында төлөнбөй 19,0 сомго жеткен жана маселени чечүүнү айыл өкмөтүнүн башчысы жеке көзөмөлүнө алып бүгүнкү күнгө электр энергияга болгон карызы толук төлөндү.
2014-жылга дагы бир жакшы саамалык айыл өкмөтү менен ОАО “Айыл банк” тарабынан айыл аймагынын калкын “Кумтөр чакан” аттуу үстөк кошулмасы 10 пайызга жетпеген 5 000 ден 50 000 сомго чейинки жеңилдетилген насыя алууга келишим түзүлүп жыйынтыгында жалпы айыл аймагынан 62 адам 3 100 000 сомдук насыя алышып өздөрүнүн материалдык абалын оңдоого жетише алышты.
Жыл ичинде салыктардын жана жыйымдардын топтолушу ай сайын берилген план боюнча ашыгы менен аткарылып жыл жыйынтыгы боюнча жалпы план 1684,5 сом эсебинде чегерилсе аткарылганы 2304,2 сом болуп жалпы көрсөткүч 136,8 % га аткарылып райондогу айыл өкмөттөрүнүн арасында алдынкы орунду камсыз кыла алдык. Райондо жыл жыйынтыгы боюнча да жалпы социалдык-экономикалык көрсөткүчтөр боюнча биздин айыл өкмөтүбүз 4-орунду камсыз кылып райондук мамлекеттик администрациясынын 5 000 сом акчалай сыйлыгы менен сыйланды.
Бир топ жылдан бери акча каражатынын тартыштыгынан чечилбей келе жаткан “Додоң” башталгыч класстар мектебинин имаратынын курулуш иштерин жаңылоого бүткүл Дүйнөлүк жаштар Ассамблеясынын Президенти Саид Баюми мырза 1 500 000 сом акча жардам көрсөтүп тийиштүү материалдар сатылып алынды жана күндүн жылышы менен курулуш иштери башталат жана 2015-жаңы окуу жылына мектепти ишке берсек деген үмүттөбүз.
2014-жылдагы дагы бир чоң саясий өнөктүк болуп калктын биометрикалык мааалыматтарын жыйноо болду.Маалыматтарды жыйноо айыл аймагындагы 4 мектепте өткөрүлдү жана бүгүнкү күндө айыл өкмөтүндө маалымат топтоо жүрүп жатат. 2014-жылдын 14-ноябрынан 30-декабрга чейин маалымат топтоо боюнча иш-чаранын планы өз мезгилинде аткарылды.Жалпы маалымат тапшыруучулардын саны 7241 адам такталып анын ичинен ички, сырткы миграцияда 2511 адам, башка жактан өткөндөр 100 адам, паспорту жоктор 241 адам, турмушка чыккандар 51 адам, көз жумгандар 24 адам, каттоодон чыгып кеткендер 104 адам, Ноокат шаарындагы элди каттоо борборунан 19 адам өткөн, айыл аймагынан 3718 адам каттоодон өтүп азыркы күнгө 473 адам каттоодон өтө элек. Бул өнөктүктү аяктоону 2015-жылдын жай айларына толук аягына чыгабыз.
2014-жыл ичинде жогорку аталган жетишкендиктер менен бирге эле бир топ чечилбеген көйгөйлүү маселелер да жок эмес. Атап айтсак өнөр жай тармагында бүтө элек обөектилерди ишке берүү атап айтсак Борбаш айылындагы маданият үйүнүн имаратын , Додоң бөлүмүндө башталгыч класстар мектебинин имаратын бүтүрүү, ишке берүү маселелери турат. Ага бүгүнкү күнгө инвестиция тартуу, каржылоо маселесин издөө жүрүп жатат, бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Бегматовко, Т.Зулпукааровко, райондук билим берүү бөлүмүнө кайрылганбыз.
Ижара боюнча келишимдер кайрадан жаңыланып такталып чыкты, төлөмдөрдү ар бир жылдын март айына чейин жургүзүү талабы жеткирилди . Жергиликтүү бюджетти толуктоодо бир топ жылдардан бери социалдык фондго болгон чегеримдерди, салыктарды төкпөй келе жатышкан маселен, “Жетиген”, “Маштар”, “Ыйман”, “Ажи-Б”, “Борбаш”, “Аксылык-Төөлөс” жана ушул сыяктуу бир топ дыйкан чарбалар маани бербей келе жатышат. Бул маселени териштире келгенде бир топ жараандар четке чыгып кетишкен, Россия Федерациясына кетип калышкандыгы такталды. Ошону менен бирге четке чыгып кетишкен жараандар жер , таштанды , тамарка салыктарын өз убагында төлөшсө бир топ жергиликтүү бюджетке салым болмок .
Дагы аймактагы көйгөйлүү маселе таштанды маселеси. Жергиликтүү калк ар кайсы чуңкурга таштанды таштоону адатка айлантып алышкан. Натыйжада айылдын бир топ жерлери таштанды жайга айлана баштаган. Аймактагы баары мекеме-ишканаларга, соода түйүндөрүнө таштанды чакаларын орнотуу эскертилген, тилекке каршы бүгүнкү күнгө чейин аткарылбай келет.Борбаш айылында таза суу маселеси канааттандырарлык, ал эми Бел айылында таза суу маселеси дагы эле көйгөйлүү маселе бойдон келе жатат. Адырга суу жеткирүүнү колго алуу мезгил талабы. Суу жетишерлик денгээлде барып калса элибиз бир топ пайда көрүшмөк жана жергиликтүү бюджетти толтурууга кошумча салым болмок.
Айыл өкмөтүнүн аппаратында бош муниципалдык кызмат орундарына адистерди кабыл алуу конкурстук негизде жүргүзүлүп келе жатат. Кыргыз Республикасынын кадр кызматынын түштүк аймактык өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулган окууларга 2014-жылдын май айынан октябрь айына чейин айыл өкмөт башчысы жана аппарат кызматкерлери окуп келишти.
Жогорудагы белгиленгендердин негизинде 2014-жылдын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы менен 2015-жылга коюлган милдеттерди турмушка ашыруу максатында депутаттардын Бел айылдык кеңешинин (5-чакырылышынын) кезектеги 17- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.2014-жылдын 12 айынын жыйынтыгы боюнча Бел айыл аймагынын социалдык-экономикалык жактан өнүгүшүн камсыздоодо салык жана салык эмес жыйымдарды жыйноодо,электр энергиясына болгон дебитордук карыздарды кыскартууда, инвестиция тартууда, социалдык маселелерди чечүүдө Бел айыл өкмөтү тарабынан бир топ иштер аткарылгандыгы менен бул багыттарда айрым кемчиликтер бар экендиги белгиленсин.
2.Айыл аймагында 2014-жылы орун алган кемчиликтерди четтетүү менен бирге 2015-жылы:
-айыл аймагында жыл ичинде киреше алып келүүчү тармактарга бизнес долбоорлорун даярдап өткөрүү чараларын көрүү (М.Ураимов, А.Маматалиев);
-айылдардын инфраструктурасын жакшыртуу максатында жергиликтүү бюджеттин, демөөрчүлөрдүн, инвесторлордун мүмкүнчүлүгүнөн пайдаланып көчөлөрдү оңдоо, таза суу менен камсыздоого жетишүү (А.Ырысбаев);
-айыл аймагындагы айылдардын инфраструктурасын жакшыртуу менен жаштарды көбүрөөк спортко тартуу чараларын көрүү, сергек жашоого чакыруу, мекенди коргоо, патриоттуулукка тарбиялоо максатында айылдарда спорттук аянтчаларын, маданий мекемелердин иштөөсүн, аларды оңдоо, материалдык-техникалык базасын чыңдоо, жаңы конуштардын инфраструктурасын жакшыртуу, таза суу менен камсыздоо, суу түтүктөрүн жаңылоо, оңдоо жана башка иштерди аткарууга өзгөчө көңүл бурулсун.
3.Айыл өкмөтүнүн ФЭБ нүн башчысы (К.Мурзаев), салык кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Президенти А.Атамбаев тарабынан кол коюлган Жарлыкка ылайык 2015-жылды “Улуттук экономиканы чыңдоо жылы” – деп жарыяланышына байланыштуу аны турмушка ашыруунун конкреттүү иш-чараларын иштеп чыгуу менен биргеликте:
-бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү максатында кошумча резервдерди издөө менен айылдарда өзүн-өзү камсыздоонун көрсөткүчтөрүн жогорулатууга жетишүү боюнча жүргүзүлгөн иштерге ар чейрек сайын талдоо жүргүзүү;
-бюджеттин киреше бөлүгүн, салык жана салык эмес жыйымдардын бардык турлөрү боюнча белгиленген пландарды аткарууну камсыз кылышына, айрыкча ыктыярдуу патент менен иштешкен жеке ишкерлер менен иш алып барууга көзөмөлдүктү күчөтүү;
-бюджеттик каражаттарды өз багытында максаттуу пайдалануусуна көзөмөл жүргүзүү, айыл аймагындагы бюджеттик мекемелерге электр энергиясы боюнча каралган каражаттарды өз убагында каржылоо боюнча зарыл чараларды көрүү жана белгиленген лимиттен ашыкча чыгымдоосуна жол бербөө, дебитордук карыздарды жоюу боюнча чечкиндүү чараларды көрүү тапшырылсын.
4.Айыл өкмөтүнүн жерадисине (М.Абдазов):
-айдоо аянттарынын пайдалануусуз калуусуна жол бербөө, айыл чарба эгиндеринен мол түшүм алуу үчүн эгин талааларын которуштуруп айдоого, кайра бөлүштүрүү фондусундагы жер аянттарын толук ижарага берүүгө жетишүү, жер аянттарын кошумча азыктандыруу жана өз мөөнөтүндө сугат суу менен камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү.
5.Айыл аймагындагы мектепке чейинки билим берүү жана билим берүү мекмелеринин жетекчилерине:
-мектептердин жана мектепке чейинки мекмелердин базаларын чыңдоо, билим берүүнүн сапатын жакшыртуу, тарбиялык иштердин жана балдардын билим денгээлин көтөрүү чараларын көрүү.
6.Айыл өкмөтүнүн социалдык жактан коргоо кызматкерине (М.Эргешова):
-жаш балдардын укугун басмырлоого жол бербөө, жаштар арасында коомдогу жат көрүнүштөрдөн алыс болууга тарбияны күчөтүү, калктын аялуу катмарына мамлекеттик кепилдиктер менен камсыздоо чараларын көрүү, жардамга муктаж жарандарга төлөөнүүчү даректүү жеңилдиктерди оз убагында мыйзам чегинде чектөө жана аны төлөө боюнча талаптагыдай иш жүргүзсүн.
7.Аскер учет инспекторлору (Б.Ураимов, И.Бурканова):
- Улуу Ата Мекендик согуштун Жеңишинин 70 жылдык мааракесин жогорку деңгээлде өткөрүү боюнча иш-чара иштеп чыгышсын;
-мектеп окуучуларын мекенди коргоодо патриоттуулукка тарбиялоо боюнча иш-чараларды өткөрүүнү камсыз кылышсын.
8.УБДБ нун жетекчилерине (А.Паизова,А.Омурзакова):
-калкты медициналык жактан тейлөө боюнча калк арасында профилактикалык түшүндүрүү, алдын алуу иштерин жүргүзүүгө өзгөчө көңүл буруу менен жугуштуу оорулардын алдын алуу жана аларды кыскартуу боюнча зарыл чараларды көрүшсүн;
-энеликти коргоо, ымыркайлар арасында набыт болуу көрсөткүчүн төмөндөтүү боюнча иш-чаралардын так аткарылышын катуу көзөмөлгө алышсын.
9.Айыл аймагындагы мечиттердин имамдарына:
- ысырапкерчиликке жол бербөө, ашыкча чыгымдарды болтурбоо максатында эл арасында түшүндүрүү иштерин улантууну;
-салттуу динге жат болгон көрүнүштөргө каршы иш-аракеттерди жүргүзүү, укук коргоо органдары менен биргеликте чет өлкөдө окуп жана иштеп жаткан жарандар болсо аныктоо, диний экстремизмге бөгөт коюу боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин алып барууну;
-аракечтик, уурулук, зомбулукка каршы, салык төлөмдөрүнөн, электр энергиясынан карыз жарандар менен аны төлөө тууралуу жеринде иш алып барууну.
10.Милициянын участкалык инспектору (Жакшыбай уулу Мурат):
-айыл аймагындагы коомдук уюмдар, билим берүү мекмемелери, айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматкерлери менен тыгыз байланышта иштеп, калк арасында коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулуктун саны кыскартуу чараларын көрүү менен бирге кылмыштуулукка каршы күрөшүү иштерин , укук бузуулардын алдын алуу жана диний экстремизмге каршы иштерди активдештирүү боюнча кечиктирилгис чараларды көрсүн.
11.Айыл аймагындагы мекеме-уюмдардын жетекчилерине ушул токтомдун аткарылышы боюнча маалыматты ар бир чейрек сайын айдын башында берип турушсун.
12.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Ырысбаевке, жооптуу катчы А.Жумаевага тапшырылсын
Бел айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т. Бекботоев
|