Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бел айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XIII сессиясы
2014-жылдын 17-июну № 13/3
Г.Эргешов атындагы Бел-Өрүк орто мектебинин педагогикалык кеңешмесинин
2014-жылдын 15-июнундагы №8-чечимин бекитүү жөнүндө
Г.Эргешов атындагы Бел-Өрүк орто мектебинин жер аянтынан балдар бакчасын салууга жер ажыратып берүү жөнүндөгү педагогикалык кеңешмесинин чечимин угуп жана талкуулап депутаттардын Бел айылдык Кеңешинин (бешинчи чакырылышынын) кезексиз он үчүнчү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бел айылына балдар бакчасын салуу үчүн Г.Эргешов атындагы Бел-Өрүк орто мектебинин жер аянтынан жер участкасын ажыратып берүү жөнүндөгү педагогикалык кеңешмесинин 2014-жылдын 15-июнундагы №8 чечими бекитилсин.
2. Г.Эргешов атындагы Бел-Өрүк орто мектебинин калган жер аянтын жана жаңыдан салынуучу балдар бакчасынын имаратына тиешелүү болгон жер аянттарын пландаштырып берүү жагы Ноокат райондук архитектура жана шаар курулуш башкармалыгынан суралсын.
3. Г.Эргешов атындагы Бел-Өрүк орто мектебинин жана жаңыдан салына турган балдар бакчасынын жер аянтына бөлүп мамлекеттик акт алып берүү айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
Бел айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т. Бекботоев
|