Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бел айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XVI сессиясы
2014-жылдын 19-декабры № 16/2
Бел айыл Өкмөтүнүн 2014-жылдын 12- декабрындагы № 87-токтомун бекитүү жөнүндө
Бел айыл Өкмөтүнүн жер боюнча комиссиясынын Бел айыл Өкмөтүнө караштуу Ноокат –Кызыл-Кыя авто жолунун боюндагы жерлерди жакынкы жайыт жер аянттарын айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан калктуу конуштун жерлери категориясына, Каракчы-Кол бөлүмүндөгү элдин муктаждыгына байланыштуу көрүстөн үчүн тосулган жерди айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан “өнөр жайдын,транспорттун, байланыштын,коргонуунун жана башка багыттагы жерлер категориясына которуу жөнүндөгү” 2014-жылдын 12-декабрындагы айыл өкмөтүнүн №87- токтомун угуп жана талкуулап Бел айылдык Кенешинин (бешинчи чакырылышынын) он алтынчы сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бел айыл Өкмөтүнүн жер боюнча комиссиясынын Бел айыл Өкмөтүнө караштуу Ноокат-Кызыл-Кыя автожолунун боюндагы жерлерди жакынкы жайыт жер аянттарын айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан калктуу конуштун жерлери категориясына,Каракчы-Кол бөлүмүндөгү элдин муктаждыгына байланыштуу көрүстөн үчүн тосулган жерди айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан “өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын,коргонуунун жана башка жерлер категориясына которуу жөнүндөгү” 2014-жылдын 12-декабрындагы № 87-токтому бекитилсин.
2 . Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 11-13 статьяларына жана Кыргыз Республикасынын 2013-жылдынг 15-июлундагы “ Жер участокторун которуу(трансформациялоо) жөнүндөгү “№145 –мыйзамына жана Кыргыз Ресаубликасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 токтому менен бекитилген “ Жерлерди бир категориядан экинчи категорияга которуу жөнүндөгү” Жобого ы л айык Бел айыл Өкмөтунун аймагындагы Ноокат-Кызыл-Кыя автожолунун боюндагы төмөнкү контурдагы жерлердин багыты өзгөртүлсүн
Контурдун номери | Жердин түрү | Аянты (га) |
672 | Таштак жайыт | 0,11 |
407 | Таштак жайыт | 3,40 |
147 | Таштак жайыт | 0,05 |
33 | Таштак жайыт | 4,5 |
Баары: |
| 8,06 |
3. Жогорудагы аталган жер аянттарына элди тейлөөчү ишканаларды салуу үчүн тиешелүү болгон юридикалык документтерин даярдоо жагы Ноокат райондук кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.
4.Ажыратылган жер аянттаврына карата Ноокат райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан аталган жер аянтынын архитектуралык план долбоорун даярдап берүү жагы суралсын.
5.Жогорудагы жайыт жер аянттарын “Айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан “ калктуу конуштун жерлери категориясына жана көрүстөн үчүн ажыратылган 4 га жер аянтын “ айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан” Өнөр жайдын,транспорттун, байланыштын,коргонуунун жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуп берүү жагы Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
6.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Бел айыл Өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу жана айыл чарбасы боюняа адиси М.Абдазовго милдеттендирилсин.
Бел айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т. Бекботоев
|