Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бел айылдык Кеңешинин V чакырылышынын сессиясы
2013-жылдын 26-апрели № 4/1
Бел айылынын тургуну Мамазаитов Мамасалинин арызын анааттандыруу жөнүндө
Бел айылынын тургуну Мамазаитов Мамасалинин Ноокат, Кызыл-Кыя жолунун түндүк тарабындагы “Тимурлан” кафесинин чыгыш тарабындагы жер аянтына дүкөн жана склад салуу үчүн бардык документтерин даярдап бүткөн. Дүкөн жана склад салуучу жер аянтын мыйзамдаштырып берүү жөнүндө жазган арызын угуп жана талкуулап депутаттардын Бел айылдык Кеңешинин (бешинчи чакырылышынын) кезексиз төртүнчү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бел айылынын тургуну Мамазаитов Мамасалинин арызы канааттандырылып, Ноокат Кызыл-Кыя жолунун түндүк тарабындагы “Тимурлан” кафесинин чыгыш тарабындагы жер участкасына дүкөн жана склад салууга уруксат берилсин.
2. Берилген жер аянтынын экологиялык абалын жана жер кодексинин негизинде төлөм каражаттарын өз убагында төлөп туруу жагы Мамазаитов Мамасалига милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин жер жана жерге жайгаштыруу, суу чарба тармагы, жайыт, жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Бел айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т. Бекботоев
|