Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бел айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезексиз сессиясы
2013-жылдын 26-апрели № 5/2
Г.Эргешов атындагы “Бел-Өрүк” орто мектебинин педагогикалык кеңешмесинин 2013-жылдын 27-мартындагы №6 чечимин бекитүү жөнүндө
Г. Эргешов атындагы “Бел-Өрүк” орто мектебинин педагогикалык кеңешмесинин чечимин угуп жана талкуулап Бел айылдык кеңешинин (5-чакырылышынын) кезексиз бешинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Г.Эргешов атындагы “Бел-Өрүк” орто мектебинин педагогикалык кеңешмесинин 2013-жылыдын 27-мартындагы №6 чечими бекитилсин.
2. Г.Эргешов атындагы “Бел-Өрүк” орто мектебинин 4 класстык бөлмөсүнүн полдорун жаңылоо үчүн мектептин эсебиндеги теректерден 72 даана кесилип иштетүүгө уруксат берилсин.
3. Кесилген теректерди класстык бөлмөлөрдүн полун алмаштырууга толук, сарамжалдуу иштөөсүн көзөмөлдөө мектеп директору К.Арзыкуловага тапшырылсын.
Бел айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т. Бекботоев
|