Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бел айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XVII сессиясы
2013-жылдын 24-октябры № 7/1
Куйуучу май бекетин курууга уруксат берүү жөнүндө
Күн тартибинде :
1. Бел айылдык округунун Бел айылынын тургуну Абдилазиз у Чыңгыздын куйуучу майларды сатуучу бекет куруу боюнча берген арызы боюнча Бел айылдык өкмөтүнүн 22-октябрь 2013-жылдагы №93 токтомун кароо боюнча:
Угулду: Бел айылдык округунун тургуну Абдилазиз у Чыңгыздын Ноокат, Кызыл-Кыя авто жолунун түштүк тарабындагы “Атлантика” кафесинин батыш тарабындагы өзүнүн менчик жер аянтына куйуучу майларды сатуучу бекет курулуучу жер аянтын курууга уруксат берүү боюнча айылдык кеңештин депутаты – жер боюнча комиссиянын мүчөсү Асамидин у Максат чыгып сүйлөп төмөндөгүлөргө токтолду. Жолдош депутаттар биздин айылдык округдун аймагында бир да куйуучу майларды сатуучу бекет жок болгондугуна байланыштуу кошуна Көк-Жар жана Жаңы-Ноокат айылдык округдарына барып май куйушуп келүүдө. Ошондуктан Абдилазиз у Чыңгыздын куйуучу май куйуучу бекет куруу үчүн аткарып жаткан аракеттерине каршы эмесмин. Депутат Асамидин у Максаттын сунушун айылдык кеңештин депутаты жер жана турак жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча комиссиянын төрагасы А.Махмудов депутат А.Кожоев жана Ж.Эсенбаев да колдоорун айтып өтүштү.
Мындан тышкары Бел айылдык округунун Борбаш айылынын айыл башчысы М.Ураимов Абдилазиз у Чыңгыз көп жылдан бери ушул иш кагаздарды бүтүрөм деп аракет кылып жатат, жакынкы күндөрдө тийиштүү иш кагаздарын толук бүтүрсө куйуучу майларды сатуучу бекетти курууга айылдык округдун атынан мен да каршы эмесмин. Кайрадан айылдык округдун бюджетине да бир топ акча кирешелениши болжолдонууда.
Жогорудагылардын негизинде айылдык кеңештин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бел айылдык округунун Бел айыл округунун тургуну Абдилазиз у Чыңгызбектин менчик жер аянтына куйуучу майларды сатуучу бекетти куруу боюнча 22-октябрь 2013-жылдагы №93-токтому бекитилсин.
2. Бел айылынын тургуну Абдилазиз у Чыңгызга берилген жер аянтына керектүү документтерди толуктап жана экологиялык абалын жана жер кодексинин негизинде төлөм каражаттарын өз убагында төлөп туруу жагы милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын жер жана турак жай өзгөчө кырдаал боюнча комиссияга тапшырылсын.

Бел айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т. Бекботоев
|