Загрузка документа…
БАЙЗАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Байзак айылдык Кеңешинин сессиясы
2014-жылдын 13-марты № 1/2
Байзак айыл аймагында курула турган спорт залдын
курулушун баштоого карата сметалык баасын бекитүү жана тендер өткөрүү жөнүндө
Байзак айыл аймагында курула турган спорт залдын курулушун баштоого карата сметалык баасын бекитүү жана тендер өткөрүү жөнүндө Байзак айыл аймагынын айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Байзак айыл аймагында курула турган спорт залдын сметалык долбоорунун иш кагаздары 1051.2 мин сом болуп түзүлгөнү жактырылсын жана бекитилсин.
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп jumgal.kg сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Курулуш боюнча тендер өткөрүү жана аны кечиктирбестен баштоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сапаровго милдеттендирилсин
Байзак айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Шурубеков
|