Загрузка документа…
БАЙЗАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Байзак айылдык Кеңешинин сессиясы
2014-жылдын 24-сентябры № 3/1
Байзак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү
кирешесинен Жайыт комитетине 100 000 сом акча каражатын бөлүү жөнүндө
Жайыт комитетинин башчысы М.Рыскуловдун буга чейинки сатылып алынган эксковаторго берилүүчү акча каражатынын толук төлөнүп бериле электигине байланыштуу Жергиликтүү кирешенин эсебинен акча каражатынан жардам беруу жөнүндөгү Байзак айыл аймагынын айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Байзак айыл өкмөтүнө караштуу Жайыт комитетинин башчысы М.Рыскуловдун билдирүүсү канааттандырылсын.
2. Байзак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү кирешесинин эсебинен Жайыт комитетине трактордун акчасынан толук кутулуусу үчүн 100 000 сом бөлүнүп берилсин.
3. Жайыт комитети алынган акча каражаттарынын чыгымдалышы боюнча тийиштүү иш кагаздарын айыл өкмөтүнүн бухгалтериясына кечиктирбестен тапшырсын
4. Бул токтомго ылайык акча каражатын которуп беруу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБине тапшырылсын.
5. Ушул токтом айыл өкмөтънън аппаратынан каттоодон өткөрълъп jumgal.kg сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынынын мамлекеттик реестрине киргизъъ ъчън Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтълсън.
6. Бул токтомду аткаруу боюнча тийиштъъ ченемдерди чыгаруу жана аткарылышына көзөмөл жъргъзъъ айыл өкмөтънън башчысы А.Сапаровго милдеттендирилсин
Байзак айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Шурубеков
|