Загрузка документа…
БАЙЗАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Байзак айылдык Кеңешинин сессиясы
2014-жылдын 24-сентябры № 4
Байзак айыл аймагынын Кара-Кече чөлкөмүнө уюлдук станция орнотуу боюнча жер тилкесин жайыт жеринен башка багытка которуу боюнча
Кыргыз Респуликасынын премьер министри Ж. Оторбаевдин тапшырмасы боюнча Кара-Кече чөлкөмүнө уюлдук станцияны орнотуу жөнүндө Байзак айыл аймагынын айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Байзак айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сапаровдун билдируусу жактырылсын.
2. Кыргыз гипроземдин корутундуусунун негизинде Байзак айыл аймагынын №329 контуру боюнча Кара-Кече чөлкөмүндө турган 0,10 га жер тилкесин жайыт жеринен башка багытка которуу боюнча Мамлекеттик каттоо кызматына жана Жумгал райондук мамлекеттик администрациясына сунушталсын.
3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп jumgal.kg сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомду аткаруу боюнча тийиштүү ченемдерди чыгаруу жана аткарылышына көзөмөл жүргүзүү айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сапаровго милдеттендирилсин.
Байзак айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Шурубеков
|