Загрузка документа…
БАЙЗАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Байзак айылдык Кеңешинин сессиясы
2014-жылдын 25-ноябры № 5/2
Байзак айыл өкмөтүнүн атайын каражат эсебине ПРООНдон
Кондитердик цех учун келип түшкөн акча каражатын чыгымдоо жөнүндө
ПРООНго жазылган долбоорлордун негизинде,алра тараптан 211800 сом атайын ачылган эсепке келип түшкөндүгү жана аны кимдер чыгымдай тургандыгы жөнундө Байзак айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн атайын эсебине келип түшкөн акча каражаты ПРООН эл аралык уюму тарабынан өткөрүлгөн долбоордун алкагында долбоордун каржы бөлүгүндө көрсөтүлгөн багыт боюнча кондитердик цехке жабдууларды сатып алуу үчүн жумшалсын.
2. Долбоорду каржылоого ПРООНдон келген акча каражаты жабдууларды сатып алып келуу учун долбоордун аткаруучусу Зарема Чондошовага берилсин жана алынып келинген жабдуулар анын жоопкерчилигине берилуу менен айылдын аймагынан башка жакка чыгарбоо жагы милдеттендирилсин.
3. Ар бир алынып келинген материалдын туура жана так алынып келишин көзөмөлдөө жана отчеттерун алуу жана ПРООНго отчет беруу ФЭБдин башчысына милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп jumgal.kg сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомду аткаруу боюнча тийиштүү ченемдерди чыгаруу жана аткарылышына көзөмөл жүргүзүү айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сапаровго милдеттендирилсин.
Байзак айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Шурубеков
|