Загрузка документа…
МАНГЫТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Мангыт айылдык Кеңешинин V чакырылышынын III сессиясы
2013-жылдын 12-марты № 3-10
Мангыт айылдык Кеңешинин укуктук-нормативдик
актыларын мамлекеттик тилде кабыл алуу жөнүндө
Депутаттардын Мангыт айылдык Кеңеши айылдык Кеңештин укуктук-нормативдик актыларын мамлекеттик тилде кабыл алуу жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап, төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мангыт айыл өкмөтүнүн аймагындагы калктын 99 пайызы кыргыз улутундагылар экендиги жана кыргыз тилинде сүйлөгөндүгүнө байланыштуу айылдык Кеңештин укуктук-нормативдик актылары мамлекеттик тилде кабыл алынсын.
2. Мангыт айылдык Кеңешинин кабыл алган укуктук нормативдик актылары басма сөз каржаттарында жана интернет сайттарда кыргыз тилинде жарыялансын.
Мангыт айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т. Торобаев |