Редакцияот 15.06.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 МАНГЫТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Мангыт айылдык Кеңешинин V чакырылышынын V сессиясы

 

2013-жылдын 15-июну № 5-22

Мангыт айыл өкмөтүнө караштуу Кесек айлындагы үй-жай салууга

ажыратылган генпландагы ашыкча 371м.кв жер аянты жөнүндө

 

 Депутаттардын Мангыт айылдык Кеңеши Мангыт айыл өкмөтү тарабынан Кесек айылындагы үй-жай үчүн берилип бүткөн генпландагы ашып калган 371 кв.метр жер аянтты үй-жайга муктаждарга берүүгө уруксат берүүнү сураган айыл өкмөтүнүн башчысынын сунушун угуп жана талкуулап, төмөндөгүдөй

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Мангы  айыл өкмөтүнүн Кесек айылына караштуу генпландагы ашыкча 371 кв.метр жер аянтына үй-жай салууга уруксат берилсин.

2. Кесек айылы боюнча үй-жай үчүн сурап, кезекте тургандарды иликтөө айылда түзлгөн турак-жай бөлүштүрүү комиссиясына тапшырылсын.

3. Ушул чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө Мангыт айыл өкмөтүнүн башчысы А.Батыровго тапшырылсын.

 

Мангыт айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Т. Торобаев