Редакцияот 15.06.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 МАНГЫТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Мангыт айылдык Кеңешинин V чакырылышынын V сессиясы

 

2013-жылдын 15-июну № 5-28

Мангыт айыл өкмөтүнүн 2013-2014-2015-жылдарга

өнүгүү стратегиясын бекитүү жөнүндө

 

 Депутаттардын Мангыт айылдык Кеңеши Мангыт айыл өкмөтүнүн 2013-2014-2015-жылдарга өнүгүү стратегиясын карап жана талкуулап, төмөндөгүдөй 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Мангыт айыл өкмөтүнүн 2013-2014-2015-жылдарга өнүгүү стратегиясы бекитилсин. (тиркелет).

2. Айыл өкмөтүнүн өнүгүү стратегиясында белгиленген иш-чараларды өз убагында аткаруу милдети Мангыт айыл өкмөтүнүн башчысы А.Батыровго жүктөлсүн.

3. Ушул чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө милдети айылдык Кеңештин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

 

Мангыт айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Т. Торобаев