КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын XXIV сессиясы
2015-жылдын 19-марты № 01-05/139
Кочкор-Ата шаарында жайгашкан Н.Исанов
атындагы жатак-гимназия мектебинин айланасын тосуу жөнүндө
Кочкор-Ата шаарынын 2015-жылга карата түзүлгөн иш-пландын долбооруна ылайык, Н.Исанов жатак гимназиясынын айланасын тосуу үчүн, республикалык бюджеттен түрткү берүүчү гранттан 2717368 сом акча каражаты суралып, долбоордун жалпы сметалык баасы 3418073 сомду түзөт. Анын ичинен мэриянын салымы 700 705 сом. Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XXIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаарына караштуу Н.Исанов атындагы жатак гимназия мектебинин айланасын тосуу үчүн, жергиликтүү бюджеттин эсебинен 700 705 (жети жүз миң жети жүз беш) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Аталган акча каражатын табуу шаардык мэриянын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы шаардын мэри К.М.Эгембердиевге жана шаардык Кеңештин «Бюджет, каржы, экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Кочкор-Ата шаардык Кеӊешинин төрагасы |
К. Арстанбаева |