Редакцияот 30.03.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын XXIV сессиясы

 

2015-жылдын 30-марты № 01-05/145

Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин 2015-жылга иш-планын бекитүү жөнүндө

Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XXV сессиясы, Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин 2015-жылга иш-планын карап жана талкуулап, Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин Регламентинин 10-главасынын 10.1 пунктуна ылайык

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин 2015-жылга түзүлгөн иш-планы № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Иш-пландын аткарылышына жооптуу болгон жергиликтүү Кеңештин депутаттары жана аткаруу бийлигинин кызматкерлери, Кочкор-Ата шаар аймагында жайгашкан бардык мекеме ишканалар менчигинин түрүнө карабастан ушул токтом менен бекитилген иш-планды аткарылышын жетекчиликке алышсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү, шаардык Кеңештин төрагасынын орун басарлары А.М.Нусупбековго жана К.Д.Арстанбаевага милдеттендирилсин.

 

Кочкор-Ата шаардык

Кеӊешинин төрагасы

 

Б. Артыков