Редакцияот 15.03.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Кыштак айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы

 

2014-жылдын 15-марты № 39

Ош–Сүрөт-Таш багытындагы №119-маршуруттун жолкире акысын бекитип берүү жөнүндө

Кызыл-Кыштак айылдык Кеңешинин (бешинчи шайланган) кезектеги VIII сессиясы күн тартибиндеги төртүнчү маселе: “Ош – Сүрөт-Таш багытындагы №119-маршуруттун жолкире акысын бекитип берүү жөнүндөгү” маселени көрүп чыгып, талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ош – Сүрөт–Таш багытындагы № 119 - каттамындагы кичи автобустун жол акысы төмөнкүдөй болуп бекилсин:

-Ош-Жаңы-Турмуш айылына – 11 сом,

-Ош-Сүрөт-Таш участкасына - 12 сом,

- окуучуларга -1 сом,

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Кызыл-Кыштак айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Н. Иззатиллаев