Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 15-июлу № 45
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин кезектеги IX сессиясы (бешинчи шайланган) күн тартибиндеги төртүнчү маселе, Ишкаван айылынан 3,30 га жер «Нур Аман» ЖЧКсына топурак алууга уруксат берүү жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу районунун жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын 2012-жылдын 4-майындагы № 65- токтомунун негизинде, Кызыл-Кыштак айылдык аймагынын Ишкаван айылынан 2,0 га жер «Нур Аман» ЖЧКсына бышык кыш чыгаруу үчүн топурак алууга уруксат берилсин.
2. Кара-Суу районунун жергиликтүү мамлекеттик администрациясынан Ишкаван айылындагы жайыт жерден 1,30га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жай,транспорт, байланыш, коргонуу жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу суралсын.
3. Кызыл-Кыштак айыл аймагынын социалдык инфраструктурасын жакшыртуу максатында «Нур Аман» ЖЧКсы тарабынан берген макулдуулугунун негизинде жылына 35,0 миңден кыш демөөрчүлүк ирээтинде берилсин.
4. Бул токтомду аткаруу айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин жер жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Кызыл-Кыштак айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Н. Иззатиллаев
|