Загрузка документа…
| Түп райондук кеңешинин 25-чакырылышынын 21-сессиясында №100 токтому менен бекитилди |
2011- жылдын 9-июндун №100
Түп райондук кеңешинин регламенти
Кыргыз Республикасынын райондук кеңеши
1.1 Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык депутаттардын райондук кеңеши райондун өкүлчүлүктүү органы болуп саналат.Райондук кеңештин ыйгарым укугунун мөөнөтү төрт жыл.
1.2 Райондук кеңеш өзүнүн ишин КР Конституциясына, КР Мыйзамына, КР Президентинин жана Өкмөтүнүн ченемдик-укуктук актыларына, жана ушул Регламентке ылайык алып барат.
1.3 Райондук кеңештин Регламенти райондук кеңештердин ишин уюштуруу тартибин, алардын укуктук жана уюштуруучу негиздерин, туруктуу жана убактылуу комиссиялардын структураларын, сессияларды өткөрүү мөөнөтүн аныктайт.
1.4 Райондук кеңештин сессиясы кварталында кеминде бир жолу жана жалпы депутаттардын 1/3 талабы боюнча өткөрүлөт.
1.5 Райондун аймагында жайгашкан бардык мекеме-уюмдар, менчик формасына карабастан райондук кеңештин токтомдорун аткарууга милдетүү.
1.6 Райондук кеңештин токтомдору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алынып салынышы же жокко чыгарылышы мүмкүн.
2.1. Райондук кеңештер “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР Мыйзамынын 31-беренесинин 5-пунктуна ылайык төмөндөгү маселелер боюнча токтомдорду карайт жана кабыл алат:
1) райондук социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн стратегиясын, болжолун, пландарын жана программасын, райондо айлана-чөйрөнү калыбына келтирүүнүн жана коргоонун программаларын бекитүү жана алардын аткарылышына көзөмөлдү ишке ашыруу;
2) райондук бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту ошондой эле фонддорду пайдаланууну бекитуунун тартиби;
3) талап кылынбаган жана пайдаланылбаган жайыттарды пайдалануунун маселелери;
4) тиешелүү аймакта иштердин абалы жөнүндө жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысынын маалыматын жылына бирден кем эмес угуу;
5) жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысын-акимин кызмат ордуна дайындоо үчүн Мыйзамда белгиленген тартипте талапкерлик боюнча сунуш киргизүү;
6) райондук кеңештин депутаттарынын жалпы санынын 3/2 добушу менен өз милдеттерин аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысына ишеним көрсөтпөө;
7) мыйзамда белгиленген учурларда депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу;
8) мамлекеттик бийликтин тиешелүү органдарына киргизүү максатында администрациялык-аймактык түзүлүш боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
9) кеңештин төрагасын жана орун басарын шайлоо, аларды кызмат ордунан бошотуу, кеңештин төрагасынын КР мыйзамдарына карама-каршы келген чечимдерин жокко чыгаруу;
10) райондук кеңештин регламентин кабыл алуу;
11) райондук кеңештин чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөө;
12) Өкмөт тарабынан аныкталган типтүү ченемдердин негизинде райондук кеңештин аппаратынын түзүмүн жана штаттык санын бекитүү;
13) мыйзамга ылайык долбоорлук иштерди, курулушту, жолдорду, көпүрөлөрдү, турак- жай фондун ошондой эле коммуналдык чарба, экономика, социалдык чөйрө жаатындагы жана райондук маанидеги оюн-зоок обьектилерин куруу, күтүү жана модернизациялоо боюнча сунуштарды киргизүү;
14) райондук маанидеги социалдык-маданий мекемелерди ачуу, кайра уюштуруу жана жоюуу жөнүндө маселелерди макулдашуу;
15) райондук маанидеги илимий, окуу тарбия, маданий тарбия, жаштардын спорттук иш-чараларын уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алуу;
16) мыйзамга ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башка органдары менен күч аракетти бириктирүү, анын ичинде коомдук пайдалуу иштерди жана тейлөө кызматтарын жүзөгө ашыруу максатында чек аралык кызматташуу маселелери ошондой эле жалпы кызыкчылыкты көздөгөн иш чараларды жүзөгө ашыруу же жумуштарды аткаруу максатында ата-мекендик жана чет өлкөлүк чарбакер субьектер жана коомдук бирикмелер менен кызматташуу жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу башка органдарынын кызыкчылыктарын коргоо, коомдук пайдалуу жумуштарды жана тейлөө кызматтарын жүзөгө ашыруу максатында чечимдерди кабыл алуу;
17) райондун символикасын бекитүү;
18) судьялардан, прокурорлордон, улуттук коопсуздуктун мамлекеттик органынын аймактык бөлүмдөрүнүн жана КР мамлекеттик статистика органдарынын, ошондой эле ведомстволук аймакта жайгашкан башка мекемелер менен уюмдардын жетекчилеринен башка мамлекеттик бийлик органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн ишине көзөмөлдү ишке ашыруу, алар милдеттерин талаптагыдай аткарбаган учурда жогоруда көрсөтүлгөн органдардын жетекчилерин кызмат ордунан четтетүү боюнча маселелерди коюу;
19) КР ченемдик укуктук актыларында каралган башка маселелер;
20) акимди кызмат ордуна дайындоонун жана бошотуунун тартиби “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө” КР мыйзамынын 14,15- беренелери менен жүргүзүлөт.
Райондук кеңештин төрагасы жана райондук кеңештин төрагасынын орун басары Райондук кеңештин төрагасы:
3.1. Райондук кеңештин сессиясын чакырат, төрагалык кылат, токтомдорго, протоколдорго жана райондук кеңештин башка документтерине кол коет, алардын аткарылышына көзөмөл жүргүзөт.
3.2. Жарандардын арыздарын, даттанууларын жана кайрылууларын карайт.
3.3. Мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө, Кыргыз Республикасынын ардак наамдарын ыйгаруу сунуштары менен жогорку органдарга кайрылат.
3.4. Кеңештин регламентинин аткарылышына көзөмөл жүргүзөт.
3.5. Райондук кеңештин төрагасынын орун басарына талапкерлигин шайлоо тууралуу сунушту киргизет.
3.6. “Муниципалдык кызмат тууралуу” КР Мыйзамына ылайык өзүнүн буйругу менен жоопту катчыны жана райондук кеңештин аппаратынын жооптуу кызматкерлерин (башкы, жетектөөчү адистер) кызматка алат жана кызматтан бошотот.
3.7. Кыргыз Республикасынын мыйзам чегинде кеңештин компетенциясына кирген дагы башка маселелерди чечет.
3.8. Моонотунон мурда кызматынан бошотулбаган учурда Райондук кеңештин жаңы чакырылышындагы биринчи сессиясына чейин өзүнүн кызматын аткара.
Райондук кеңештин төрагасынын орун басары:
3.9. Райондук кеңештин төрагасынын орун басары райондук кеңештин төрагасынын милдетинин, ал жок болгон учурда же төрага өзүнүн милдетин аткара албай калган учурда аткарат.
3.10. Коомдук башталыштарда өзүнүн ишин жүргүзөт.
Жооптуу катчы:
4.1 Депутаттарды алар өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарууда тийиштүү маалымат менен камсыздайт.
4.2. Райондук кеңештин келечектүү планын аткарууну камсыздайт.
4.3. Райондук кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссияларынын иш-аракетине жардам берет.
4.5. Райондук кеңешке түшүүчү документтердин эсебин алат жана аткарылышын көзөмөлгө алат.
4.6. Райондук кеңештин сессиясынын материалдарын даярдайт жана алардын райондук кеңештин депутаттарына чейин жеткирүүсүн камсыздайт.
4.7. Депутаттарды, уюмдардын, ишканалардын жетекчилерин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын коомдук өкүлдөрүн жана башка адамдарды сессия ишине катышууга чакырууну уюштурат.
4.8. Райондук кеңештин сессиясына депутаттардын катышуусунун эсебин алууну жүргүзөт.
5.1. Кеңештин туруктуу комиссиялары өз ишин “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүргүзөт.
5.2. Туруктуу комиссиядан райондук кеңештин карамагына таандык маселелерди алдын ала карап чыгуу жана даярдоо, жана отурумдарда кабыл алынган чечимдердин аткарылышын уюштуруу жана көзөмөлдөө үчүн түзүлөт. Туруктуу комиссиялар зарылчылыгына жараша, бирок кварталына бир жолудан кем эмес отурумду өткөрөт.
5.3. Туруктуу комиссиялар райондук кеңештин ыйгарым укугунун мөөнөтүндө райондук кеңеш тарабынан түзүлөт. Комиссиялардын тизмеги, алардын сандык курамы жана шайлоо тартиби райондук кеңеш тарабынан аныкталат. Райондук кеңештин депутаты бир гана туруктуу комиссиянын мүчөсү боло алат.
5.4. Райондук кеңеш атайын тапшырмаларды аткаруу максатында убактылуу комиссияларды түзө алат.
5.5. Убактылуу комиссиялар көрсөтүлгөн мөөнөттө тапшырмаларды аткарышы боюнча жыйынтыктарын жөнүндө райондук кеңешке отчет берет.
5.6. Тапшырмаларды аткаргандан кийин убактылуу комиссиялар өз ишмердүүлүгүн токтотот.
Райондук кеңештин биринчи сессиясы
6.1. Кайрадан шайланган райондук кеңештин биринчи сессиясы райондук кеңешке шайлоо өткөрүлгөндөн кийин эки жумалык мөөнөттөн кечиктирбестен мурдагы чакырылыштагы райондук кеңештин төрагасы же депутаттардын ичинен чыккан демилгечи топ тарабынан чакырылат. Райондук кеңештин биринчи сессиясын кайрадан шайланган райондук кеңештин курагы боюнча аксакал депутат ачат.
6.2. Райондук кеңештин сессиясы депутаттардын жалпы санынан үчтөн экиси катышканда ишти алып барууга укуктуу.
6.3. Райондук кеңештин биринчи сессиясынын күн тартибине райондук кеңештин Регламенти, төрагасын анын орун басарын шайлоо маселеси райондук кеңештин жана структураны түзүү жана райондук кеңештин ишине байланышкан башка маанилүү маселелер коюлат.
6.4. Райондук кеңештин төрөгалыгына талапкер көрсөтүү тартиби жана шайлоого байланыштуу башка процедуралык маселелерди кароо ушул Регламентке ылайык каралат.
7.1. Сессиянын күн тартиби жана иш тартиби сессиянын төрагасы тарабынан сунушталат, депутаттар талкуулайт жана бекитет. Ошол күнгө райондук кеңештин сессиясынын күн тартиби сессиянын күн тартибинин кезектеги маселесин жана аларды карап чыгуунун тартибин камтууга тийиш.
7.2. Депутат киргизген сессиянын күн тартибине өзгөртүүлөр же толуктоолор тууралуу сунуш депутаттар тарабынан талкууланат жана бекитилет. Райондук кеңештин аппараты менен биргеликте, райондук кеңештин төрагасы даярдаган райондук кеңештин кезектеги сессиясынын күн тартибинин долбоору депутаттарга таркатылып берилет.
7.3. Райондук кеңештин иш планы бир жылга түзүлөт. Райондук кеңештин иш планынын долбоорун даярдоону райондук кеңештин аппараты жүргүзөт.
7.4. Райондук кеңештин депутаттары райондук кеңештин туруктуу комиссиялары, райондук жергиликтүү мамлекеттик администрация башчысы–акими райондук кеңештин иш планына маселелерди киргизүү укугуна ээ.
Райондук кеңештин бекитилген иш планына маселелерди аныктоону өзгөртүү, жаңы маселелерди киргизүү, маселелерди алып салуу райондук кеңештин сессиясынын токтому менен таризделет.
8.1. Ушул регламентте белгиленген тартипте райондук кеңештин кароосуна коюла турган документтердин пакети төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
-докладчыны көрсөтүү менен маселени даярдоого жооптуу адам тарабынан кол коюлган коштомо кат. Эгерде документ райондук кеңеш тарабынан мурда кабыл алынган токтомду аткаруу үчүн даярдалса, анда коштомо катка тийиштүү шилтеме жасалат;
-райондук кеңештин токтомунун долбоору.
Эгерде райондук кеңештин токтомунун долбоору материалдык же финансылык ресурстардын түшүүсүн же чыгымын караган сунуштар камтылса, анда иштеп чыгуучулар тарабынан каржылоо булактары көрсөтүлүү менен тийиштүү эсеп-кысаптар берилет.
8.2. Токтом долбоору каралганда райондук кеңештин депутаттарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын өкүлдөрүнүн, талкуулоого катышуу үчүн чакырылган адамдардын сунуштары жана сын-пикирлери угулат.
Райондук бюджеттин эсебинен жабылуучу чыгашаларды караган токтом долбоорун карап чыккан учурда милдеттүү тартипте райондук мамлекеттик администрация башчысы–акиминин корутундусу угулат.
8.3. Райондук кеңештин токтомунун долбоорун талкуулоонун натыйжасы боюнча төмөнкүдөй чечимдердин бири кабыл алынат:
а) жалпысынан токтом кабыл алынсын;
б) жеткире иштеп чыгууга жөнөтүлсүн;
в) күн тартибинен алынып салынсын.
8.4. Токтомдо аны ишке ашыруунун тартиби белгиленет, атап айтканда:
1) мөөнөтү айкындалат жана колдонууга киргизүү ыкмасы жана пункттарын аткаруу, же жалпысынан токтомду аткаруунун жолдору аныкталат;
2) Мыйзам алдындагы актыларды иштеп чыгуу боюнча органдарга жана кызмат адамдарына ачык-айкын тапшырмалар берилет, ченемдик-укуктук актыларды өркүндөтүү үчүн, аларды кабыл алынган токтомго ылайык келтирүүнүн мөөнөтү аныкталат.
8.5. Райондук кеңештин (шаардык кеңештин структуралык түзүмү) ар бир токтомунда жана чечиминде анын аткарылышын көзөмөлдөөчү адам көрсөтүлөт.
Документтин жоболорун ишке ашыруунун натыйжалуулук деңгээлин, аларды аткарууга кыйынчылык келтирген себептерди табуу, аткарууга тоскоолдук кылган адамдарды (органдарды) аныктоо, аларды жоопкерчиликке тартуу, ошондой эле зарыл болгон учурда сот тартибинде документтин жоболорун аткарууну камсыз кылуу көзөмөлдөө максаты болуп саналат.
Токтомдун же чечимдин тапшырма коюлган пунктунда аткаруучу (бир же бир нече) же райондук кеңештин структуралык түзүмү, ошондой эле эреже катары аткаруу мөөнөтү көрсөтүлөт.
8.6. Көзөмөл жасоо боюнча отчеттуулук мөөнөтү же токтомдун өзүндө же райондук кеңештин төрагасы тарабынан белгиленет.
8.7. Райондук кеңештин аппараты депутаттарга жана жергиликтүү коомчулукка сессиянын өтө турган күнү, убактысы, күн тартиби жана сессиянын өтө турган жери жөнүндө аны өткөрүүгө 5 күн калгандан кечиктирбестен маалымдайт. Токтомдун долбоору менен райондук Кеңештин депутаттары сессияга 3 күн калганга чейин келип таанышууга жана озгортууго оз сунушун киргизууго милдетуу.
Райондук кеңештин сессиясын сессияда төрагалык кылуучу алып барат. Сессияда төрагалык кылуучу кызматы боюнча райондук кеңештин төрагасы болуп саналат. Ал катышпаган учурда, сессияда төраганын орун басары же төрага, төраганын орун басары же болбосо райондук кеңештин протоколдук чечими менен тапшырылган башка депутат (өзүнүн талапкерлигин алып салуу жөнүндө билдирбеген) төрагалык кылат.
8.8. Райондук кеңештин кезексиз сессиясын чакыруу кеңештин төрагасынын демилгеси, ар кандай туруктуу комиссиялардын же болбосо депутаттардын жалпы санынын үчтөн бир бөлүгүнүн демилгеси боюнча жүргүзүлөт. Кезексиз сессияга киргизилуучу маселелер боюнча материалдар (токтомдун долбоору, маалыматтар, маалымат-кат, кайрылуулар ж.б.) сессия өткөргөн күнгө чейин 1 күндөн кечиктирилбестен райондук кеңештин жооптуу катчысына жазуу түрүндө берилүүгө тийиш.
8.9. Кезексиз сессияны чакыруу жөнүндө депутаттардын сунушу каралуучу маселелер көрсөтүлүп жана кезексиз сессияны өткөрүүнүн зарылчылыгы негизделүү менен кеңештин төрагасына берилет.
8.10. Сессияга материалдарды даярдоо райондук кеңештин иш планына ылайык жооптуу адамдар тарабынан жүргүзүлөт. Пландан тышкаркы маселелер алардын демилгечилери тарабынан даярдалат.
8.11. Райондук кенештин иш планына ылайык чакырылуучу кезектеги сессияга киргизилген маселелер боюнча материалдар (токтомдун долбоору, маалыматтар, маалымат-кат, кайрылуулар ж.б.) сессия өткөргөн күнгө чейин 7 күндөн кечиктирилбестен райондук кеңештин жооптуу катчысына жазуу түрүндө берилүүгө тийиш.
8.12. Райондук кеңеш жылына кеминде бир жолу тийиштүү аймактагы иштин абалы жөнүндө райондук мамлекеттик администрация башчысынын маалыматын угат.
Райондук мамлекеттик администрация башчысынын–акиминин маалыматынын тексти райондук кеңештин отурумунда аны карап чыгууга 10 күн калгандан кечиктирбестен райондук кеңешке киргизилет.
8.13. Райондук мамлекеттик администрация башчысына өзүнүн милдеттерин аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн ишеним билдирбөө жөнүндө чечим райондук кеңештин депутаттарынын жалпы санынын 3/2 добуш берүүсү менен кабыл алынат.
8.14. Райондук мамлекеттик администрация башчысы тарабынан киргизилген райондук бюджет жана аны аткаруу жөнүндө отчет, аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык коргоо программалары райондук кеңеш тарабынан карап чыгууга жатат жана райондук кеңештин депутаттарынын жалпы санынын тең жарымынан ашыгы ага добуш берсе, кабыл алынды деп эсептелет.
8.15. Алдыдагы финансылык жылга райондук бюджетти кабыл алуу процесси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте башталат.
9.1. Райондук кеңештин токтомдору депутаттар тарабынан талкуулангандан кийин сессияга катышкан депутаттардын көпчүлүк добуш берүүсү менен кабыл алынат.
9.2. Туруктуу комиссиялардын курамын өзгөртүү тууралуу, ошондой эле мурда кабыл алынган токтомдорду өзгөртүүлөр тууралуу, токтом көпчүлүк добуш берүү менен кабыл алынат.
9.3. Райондук кеңештин сессиясынын күн тартибинде каралуучу маселелер боюнча токтом кабыл алынат жана ага райондук кеңештин төрагасы кол коет.
9.4. Депутаттын билдирүүсү жана/же анын жазуу же оозэки түрүндө билдирилген макулдугу токтом менен кошо сессиянын протоколунда чагылдырылат.
9.5. Токтом долбоору ар бир пункту боюнча талкууланат жана жалпы кабыл алынат.
10.1. Райондук кеңештин сессиясы уюштуруу иштерин тутумдаштыруу максатында жумушчу органды – секретариатты, зарылчылык болгондо, эсептөө жана башка комиссияларды түзөт.
Жумушчу орган–сессияга катышкан депутаттардын көпчүлүк добуш берүүсү менен бекитилет.
10.2. Сессиянын секретариаты райондук кеңештин аппараты менен биргеликте сессиянын жүрүшүнүн стенограммасын алып барат, чыгып сүйлөгөндөрдү тактайт, регламенттин сакталышын көзөмөлдөйт, депутаттарга түшүндүрмө берет.
10.3. Секретариат райондук кеңештин аппараты менен биргеликте сессиянын протоколун тариздейт.
Райондук кеңештин отурумунун протоколунда: отурумду өткөрүү күнү, убактысы жана орду; отурумга катышкан депутаттардын саны; сессиянын күн тартибине коюлган маселелер; ошол отурум үчүн депутаттардын арасына таратылган документтердин аталышы жана редакциясы; сессияда төрагалык кылуучунун жана чыгып сүйлөөчүлөрдүн аты-жөнү; добушка коюлган бардык маселелер менен сунуштар, добуш берүүнүн натыйжасы жана кабыл алынган чечимдер чагылдырылып көрсөтүлөт.
Протоколго сессиянын отурумунда төрагалык кылуучу кол коет.
Райондук кеңештин сессиясынын протоколдорунан, токтомдорунан көчүрмөлөрдү Райондук Кеңештин депутаттарынан башка адамдар алуу жана алардан жазып алууларды тариздөө, тораганын уруксаты менен, райондук кеңештин аппараты тарабынан жүргүзүлөт.
Көчүрмөсүн алуу жөнүндө маалымат өзүнчө журналда катталат.
10.4. Райондук кеңештин депутаты өзүнүн чыгып сүйлөгөн сөзүнүн стенограммасы менен таанышууга жана аны жарыялаганга чейин стенограмманын көчүрмөсүн алууга укуктуу.
11.1. Райондук кеңештин депутаты сессиянын жумушчу органына шайланат же шайланышы мүмкүн, ошондой эле ошол органга өз талапкерин көрсөтүшү мүмкүн.
Депутаттарды көрсөтүлгөн укуктарын ишке ашыруу тартиби Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана башка Мыйзам актыларынын ошондой эле райондук кенештин Регламентине ылайык ишке ашат.
12.1. Райондук кеңештин төрагасы жана анын орун басары, райондук кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссиялары өзүнүн алып баруусундагы маселелер боюнча коомдук угууларды өткөрүүнү демилгелеши мүмкүн.
Коомдук угулар Кыргыз Республикасынын шартына ылайыкташтырылган жана эл аралык практикаларынын негизинде иштелип чыгылган жобонун негизинде өткөрүлүшү мүмкүн.
Райондук кеңештин төрагасын жана анын орун басарын шайлоонун тартиби
13.1. Райондук кеңештин төрагасы жашыруун добуш берүү жолу менен райондук кеңештин депутаттарынын арасынан шайланат. Райондук кеңештин төрагалык кызматына талапкер райондук кеңештин депутаттарынын демилге тобу тарабынан жана ошондой эле өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен көрсөтүлөт. Жалпы депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болгон талапкер шайланды деп эсептелинет. Экиден коп талапкер болгон учурда, коп добуш алган эки талапкер кайра шайлоого кирет. 2- тур менен кайра шайлоонун жыйынтыгы боюнча копчулук добуш алган талапкер шайланды деп эсептелинет.
13.2. Көрсөтүлгөн талапкер өз талапкерлигин алып коюуга укуктуу.
13.3. Көрсөтүлгөн талапкер жашыруун добуш берүү үчүн бюллетенге киргизилет.
13.4. Райондук кеңештин төрагасынын орун басарынын кызматына талапкерди райондук кеңештин төрагасы көрсөтөт.
Төрөганын орун басары ачык добуш менен шайланат.
Райондук кеңештин төрагасын моонотунон мурда кызматтан бошотуунун жол-жобосу жана тартиби
14.1. Райондук кенештин торагасы Кыргыз Республикасынын “Жергиликтуу озун озу башкаруу жана мамлекеттик администрация” жонундогу мыйзамынын 30-ст .3-пунктуна ылайык, озунун милдеттерин тийиштуу денгээлде алып барбаган учурда, же кызматтан кетуу тууралуу озу арыз жазса, моонотунон мурун кызматынан четтетилиши мумкун.
14.2. Райондук кенештин торагасын моонотунон мурда кызматтан кетируу, жалпы депутаттардын копчулук добушу менен ишке ашат.
14.3. Райондук кенештин торагасын моонотунон мурда кызматтан кетируу жонундогу токтом, ушул регламенттин 9.2. пуктунда корсотулгон озгортуу жана толуктоолорго дуушар болбойт.
15.1. Райондук кеңештин сессиясында жашыруун добуш берүүнү уюштуруу жана өткөрүү үчүн 3-5 депутат санында эсептөө комиссиясы түзүлөт
15.2. Эсептөө комиссиясы өзүнүн отурумунда милдеттерди бөлүштүрөт (төраганы, катчыны жана мүчөлөрдү бекитет). Жабык добуш берүү үчүн бюллетендерди, урнаны жана кабинаны даярдайт.
15.3. Добуш берүүнү камсыз кылуу үчүн эсептөө комиссиясы сессияда катышкан депутаттардын тизмесин тактайт. Эсептөө комиссиясы жашыруун добуш берүүнүн материалдарынын сакталышын камсыз кылат жана райондук кеңештин аппаратына өткөрүп берет.
15.4. Райондук кеңештин төрагалыгынын кызматына талапкерлер алфавиттик тартипте бюллетенге киргизилет. Добуш берүүнүн натыйжасы добуш берүүчүнүн бюллетендерди эсептеп чыгуунун жыйынтыгы боюнча чыгарылат.
15.5. Бюллетенге талапкердин паспорттук маалыматтарынын же инсандын башка күбөлүктөрүнүн негизинде аты-жөнү жазылат. Бюллетенге кандайдыр бир башка маалыматты киргизүүгө жол бербейт.
15.6. Ар бир талапкер боюнча “Макул”, “Каршы”, “Жараксыз бюллетен” бюллетендерди эсептөө комиссиясы жыйынтыктайт, протокол менен бекемдейт жана бекитүү үчүн сессиянын кароосуна алып чыгат.
15.7. Добуштардын алда канча көп санын алган райондук кеңештин төрагалыгынын кызматына талапкер төрт жылдык мөөнөткө райондук кеңештин төрагалыгына шайланды деп эсептелет.
15.8. Төраганын орун басары кызматына талапкерлер ачык добуш берүүгө коюлат. Добуш берүүлөрдү өткөрүү жана натыйжасын эсептеп чыгарууну эсептөө комиссиясы жүргүзөт.
15.9. Сессияда катышкан депутаттардын алда канча көп добуштарынын санын алган талапкер райондук кеңештин төрагасынын орун басарлык кызматына шайланат.
16.1. Райондук Кеңештин регламенти Регламент маселелери боюнча жумушчу топ аркылуу, типтуу Регламенттин негизинде иштелип чыгат жана Кеңештин сессиясынын бекитуусуно киргизилет.
16.2. Регламент маселелери боюнча жумушчу топ Кеңеш шайлай турган кеминде 5 депутаттан турат. Ага тораганын орун басары башчылык кылат.
16.3. Ар бир депутат Регламентке озгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизуу жөнүндө сунуштарды бере алат. Сунуштар регламент маселелери боюнча түзүлгөн жумушчу топтун кароосуна жөнөтүлөт.
16.4. Регламент маселелери боюнча жумушчу топ түзөтүүлөрдү кабыл алат же четке кагат. Четке кагылган түзөтүүнүн автору аны Кеңеш карап чыгышын талап кылууга укуктуу.
16.5. Регламент жана Регламентке түзөтүүлөр депутаттардын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
16.6. Түп райондук Кеңешинин регламенти Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан. Райондук кеңештин сессиясы ушул Регламентке Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген өзгөртүүлөрдү киргизиши мүмкүн.
Намазалиева Р төрайым ____________________
Сыдыков.Ш катчысы ____________________
Сарыбаев Т. мүчөсү ____________________
Абдылдаев .А мүчөсү ____________________
Абдылдаев З.А мүчөсү ____________________
Тониев.Ж мүчөсү ____________________
Батырканов З мүчөсү ____________________
Саркобенов К мүчөсү ____________________
Кучуков А. мүчөсү ____________________
Исмаилов Б мүчөсү ____________________
|
|