Редакцияот 27.10.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Кыштак айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XI сессиясы

 

2014-жылдын 27-октябры № 59

Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин кезексиз XI сессиясы (бешинчи шайланган ) күн тартибиндеги “Спирттик ичимдиктердин сатуу убактысына чектөөлөр киргизүү жөнүндөгү” маселени карап чыгып, талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кызыл-Кыштак айылдык аймакта спирттик ичимдиктерди кечки саат 18-00дөн эртең мененки 9-00 чейин сатууга тыйуу салынсын.

2. Токтомду аткаруу айыл аймагындагы милициянын аймактык тескөөчү бөлүмүнө тапшырылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин жаштар жана миграция боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Кызыл-Кыштак айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Н. Иззатиллаев