Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Арык айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XVII сессиясы
2014-жылдын 5-декабры № 17/5
АРИСтин «Карыздык милдеттенмелерди конверсиялоо III-Коммуналдык инфраструктура жана жакырчылыктын денгээлин төмөндөтүү»(КДКИ-III)
Долбоорунун “Жакыр үй чарбалар тарабынан дарыя-канал жээктерине тал, терек бактарын тигип-өстүрүү” компонентинин максаттарын,милдеттерин жана аны ишке ашыруу жол-жоболорун эске алуу менен, ошондой эле долбоордун айыл аймактарына алып келүүчү пайдасын эске алып, жерлерди натыйжалуу пайдалануу жана жакыр үй бүлөлөр менен иштөөнү Жаны-Арык айыл аймагында жакшыртуу максатында:
1. АӨ нүн Жаны-Арык участкасындагы №857 контурундагы 0,9га,№62 контурундагы 1,5 га, №1038 контурундагы 1га жер тилкеси,Правда айылындагы №547 контурундагы 1,6 га жер тилкеси, жалпысынан 5га жер тилкелери АРИСтин жогорудагы аты аталган долбоорунун алкагында тар-терек өстүрүү үчүн Жаны-Арык айыл аймагынын жашоочуларына (дыйкандарына) 15 жылга 1,0 гектарына жылына 500 сомдон ижара акы төлөө менен берилсин.
2. Зарыл болгон иш кагаздарын даярдап берү жагы жер адис Козубаев Режепке милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Жаны-Арык айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Жогорудагы токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссичсына тапшырылсын.
Жаңы-Арык айылдык Кеӊешинин төрагасы |
М. Шерматов |