Редакцияот 06.02.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 КОҢОРЧОК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Коңорчок айылдык Кеңешинин сессиясы

 

2015-жылдын 6-февралы № 16/37

Айыл аймагындагы кароосуз калган турак үй, огороддордун жер салыгынан бошотуу, жана жергиликтүү бюджетке түшө турган таштанды салыгынын тарифин бекитүү жөнүндө

Жогорудагыларды угуп жана талкуулап депутаттардын Конорчок айылдык Кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл аймагындагы кароосуз калган турак үй,огороддорду жана батирде жашап жаткан адамдардын жашоо шартына карап жер салыгынан бошотуу жагын талдап чыгуу жагы салык боюнча адис Э.Маметтоктоевге тапшырылсын.

2. 2014-жылга карата таштанды салыгы түтүн башына, 30(отуз) сомдон бекитилсин.

 

Коңорчок айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Байыш у Улукбек.