Загрузка документа…
ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 21-февралы № 05
Түз-Бел айылындагы маданият үйүнө Кадыров Кайымдын ысымын ыйгаруу жөнүндө
Коомдо асыл нарктуу адеп-ахлак,ызаат урмат,ыймандуулук өңдүү жалпы адамзаттык бийик баалуулуктардын көбөйө берүүсүнө өбөлгө түзүү жана өмүрү өрнөктүү адамдардын жаркын элесин элдин жүрөгөндө сактоо максатында жана 2014-жылдын 19- октябрындагы Түз-Бел айылынын тургундарынын жалпы жыйынынын токтомуна таянып Жалпак-Таш айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалпак-Таш айыл аймагынын Түз-Бел айылындагы маданият үйүнө Кадыров Кайымдын ысымы ыйгарылсын
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук ,регламент, укук тартиби жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Жалпак-Таш айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Суранов М.Р |