Загрузка документа…
ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 16-январы № 01
Сары Таш кенинде иш аракеттерин жүргүзгөн ишканалардын
Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн социалдык маселелерин чечүүгө
берилүүчү жардамдары жөнүндө
Сары-Таш кениндеги ишканалар менен Жалпак-Таш айыл окмотунун социалдык масалелерин чечуу, инфраструктурасын онуктуруу максатында жургузуп жаткан иштери жонундо айыл окмотунун башчысы С.Паизовдун билдируусун угуп талкуулап Жалпак-Таш айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.”Сары-Таш” таш кенинде иш алып барып жатышкан ишканалар Жалпак-Таш айыл өкмөтүнун социалдык маселелерин чечуу ,инфраструктурасын өнүктүрүү максатында ар бир ишкана ээлеген жер аянтынын ар бир гектары үчүн 3000(үч мин) АКШ долларына барабар накталай акча каражатынан жардам берүү келишимдерин түзүшсүн жана келишимде берилүүчү акча каражатын төгүү мөөнөтү ар жылдын 1 июнуна чейин деп көрсөтүлсүн.
1. Мамлекеттик салыктардын бардык турлору(роялти,сатыктан алынуучу салык ж.б) боюнча айыл окмоту менен эсептешуу иштерин ар бир ишкананын жетекчилиги жанырган айдын 5 кунуно чейин жургузушсун,эгер эсептешуу жургузушпосо айыл окмоту мыйзам ченемдуу аракеттерди корсун.
2. Сары-Таш кенинен ташылып жаткан таш кенинин эсебин алуу максатында Курбу-Таш айылына атайын пост уюштурулсун жана аны уюштурууну Жалпак-Таш айыл окмоту колго алып жер болуп берсин.
3. Патентсиз оор жук ташуучу авто унааларга таш кенинен таш жуктобоо жагы ишканаларга милдетендирилсин..
4. Куршап –Жалпак-Таш авто жолун ремонттоо,калктуу конуштар жайгашкан аймактарды асфальттоо учун долбоор даярдалсын жана бул аракеттерди жургузуу ДЭП 956- ишканасына милдеттендирилсин.
5. Куршаб -Жалпак-Таш авто жолун ремонттоону таш кенин иштетуу укугун беруу лицензиясынын лицензиялык макулдашуусунун бир шарты катары киргизуу жагы Жаратылыш ресурстары мамлекеттик агенттигинен суралсын.
6. Сары –Таш кенинен оор жук ташуучу авто унаалардын айдоочуларына жумасына бир жолу шагыл тартып келип Куршаб –Жалпак-Таш авто жолуна тогуу жагы милдеттендирилсин.
7. ЖЧК “Кереит” ишканасынын мамлекеттик салыктар боюнча толомдорду толоону оз убагында жургузууну колго албаган ишкана катары белгиленсин. Мамлекеттик салыктын турлорун,жергиликтуу салыктын жана жыйымдардын турлорун оз убагында толоо ар бир ишканага милдеттендирилсин 8.Мамлекеттик жана жергиликтуу салыктарды,жыйымдарды толобой жашырып калууну коздогон ишканаларга же болбосо оз убагында толоону жургузбогон ишканалардын устунон жер казынасын пайдалануу мыйзамында корсотулгон талаптардын негизинде кен пайдалануу укугун токтотуу боюнча лицензиясын кайра алуу тартибине негиздеп жаратылыш ресурстары мамлекеттик агенттигине айыл окмоту тарабынан сунуш берилсин.
9. ЖЧК “ Кызыл Жар” ишканасы 10 кундун ичинде Озгон районунун аймагына каттого турсун.
10. Бардык ишканалар оз убагында Озгон райондук статистика башкармалыгына отчет тапшырышсын,эгер убагына кечиктирилсе мыйзам чегинде чара корулоору эскертилсин.
10. 2014-жылы келишимдерди тузуп акча каражаттарын Жалпак-Таш айыл окмотунун бюжетине тушурууго жетишуу жана токтомду аткарууга алуу жагы айыл окмотунун башчысы С.Паизовго милдеттендирилсин
11.Токтомдун аткарылышын козомолдоо бюжет комитетине жуктолсун.
Жалпак-Таш айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Кушбаков |