Загрузка документа…
ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жалпак-Таш айылдык Кеңешинин V чакырылышынын X сессиясы
2014-жылдын 17-июлу № 12
Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн 2014-жылга 7 ай ичинде жергиликтүү бюджетинин ашыкча киреше булагынан
5700 000(беш милиион жети жүз миң) сом акча каражатын бюджеттик тармактарга бөлүштүрүү жөнүндө
Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн 2014-жылга 7 ай ичинде жергиликтүү бюджетинин ашыкча киреше булагынан жердин кен байлыктарын иштетуудон алынуучу төлөм 3700 000(уч миллион жети жүз миң),роялти салыгынан 2000 000 (эки миллион ) сом бардыгы 5700 000(беш миллион жети жуз миң )сом акча каражатын бюджеттик тармактарга бөлүштүрүү боюнча ФЭБ башчысынын билдирүүсүн угуп талкуулап Жалпак-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалпак-Таш айыл өкмөтүнун 2014-жылдын биринчи жарым жылдыгынын бюжети айрым кемчилдиктери менен аткарылгандыгы белгиленсин.
2. Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн 2014-жылга 7 ай ичинде жергиликтүү бюджетинин ашыкча киреше булагынын 5700 000(беш миллион жети жуз миң ) сом акча каражаты сметалык негизде бюджеттик тармактардын муктаж болгон беренелерине жумшалсын.
3. Кошумча акча каражатынын эсебинен аппараттык башкармага 137866(бир жуз отуз жети миң сегиз жуз алтымыш алты) сом,турак жай комуналдык чарба тармагына 5462134(беш миллион торт жуз алтымыш эки миң бир жуз отуз торт) сом,айыл чарба тармагына 100 000 ( бир жүз миң ) сом акча каражаты бөлүнсүн.
3. Жергиликтүү бюджеттин ашыкча киреше булагынын 5700 000(беш миллион жети жуз миң ) сом эсебинен каржыланган акча каражатыны бюджеттик тармактардын муктаж болгон беренелерине максаттуу жумшоо жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмолдөө жагы экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Жалпак-Таш айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Кушбаков |