Загрузка документа…
ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жалпак-Таш айылдык Кеңешинин V чакырылышынын X сессиясы
2014-жылдын 17-июлу № 14
Курбу-Таш айылыны тургуну Кадыров Абдымомун Пазыловичтин жеке менчик
турак үйүн Курбу-Таш балдар бакчасы үчүн Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүнүн
муниципалдык менчигине сатып алуу жөнүндө
Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы С.Паизовдун билдирүүсун угуп талкуулап, Курбу-Таш айылынын тургундарынын жалпы жыйынынын токтомуна таянып Жалпак-Таш айыл кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Курбу-Таш айылыны тургуну Кадыров Абдымомун Пазыловичтин жеке менчик турак үйү,жайгашкан жер тилкеси жана бак-дарагы Курбу-Таш балдар бакчасы үчүн Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине сатылып алынсын.
2. Жеке менчик турак үйдү мыйзамдуу сатып алууну уюштуруу үчүн курамы төмөндөгүлөрдөн турган комиссия түзүлсүн.
1. Аккулов Абдыкапар – айылдык кенештин депутаты –комиссиянын төрагасы.
2. Суранбаев Осмонали- айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы
3. Нурдинов Акылбек- айыл өкмөтүнүн юристи –башкы адис.
4.Жакыпбаев Орунбек –айыл өкмөтүнүн жер жана турак жай боюнча башкы адиси,
5. Маткасымов Жыргалбек –айыл өкмөтүнүн экономика жана статистика боюнча жетектоочу адиси
6. Амиров Кудайберди -Курбу-Таш айылыны башчысы
7. Кадыров Абдымомун -жеке менчик турак үйдүн ээси
3. Сатылып алынган жеке менчик турак үй,жер тилке,бак-дарактары айыл өкмөтүнүн балансасына кабыл алынсын жана муниципалдык менчик реестирине киргизилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы регламент ,мыйзамдуулук ,укук тартиби жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Жалпак-Таш айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Кушбаков |