Загрузка документа…
НАРЫН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 21-январы № 1
Нарын шаарында «Калк жашаган аймактардан таштандыларды чыгаруу үчүн алынуучу жыйымдын тарифин жана шаар туругундарына берилүүчү справкалардын баасын бекитүү жөнүндө
2011-жылдын 4-кварталында Нарын шаарынын беш аймагында шаар тургундарынын, Нарын шаардык муниципалдык «Таза-Нарын» ишканасынын жетекчилигинин, аймак башчылардын, катышуусу менен шаар жашоочуларынан «Калк жашаган аймактардан таштандыларды чыгаруу үчүн алынуучу» жыйымдын тарифин жана шаар тургундарына берилүүчү справкалардын баасын жогорулатуу боюнча чогулуш өткөрүлүп, атайын протоколдор түзүлгөн.Жыйында шаардын тазалагына кам көрүүдө, таштандыларды чыгарууда жыл өткөн сайын күйүүчү, майлоочу майларга, автотетиктерге болгон баалардын жогорулап жаткандыгына байланыштуу «Таза-Нарын» ишканасынын каржы булактарынын жетишсиз болуп жаткандыгы жөнүндө маселелер каралган.
Нарын шаардык Кещешине Нарын шаардык муниципалдык «Таза-Нарын» ишканасы 2012-жылдын 12-январында №8 чыгыш каты менен аймактарда өткөрүлгөн чогулуштун протоколдорунун негизинде «Калк жашаган аймактардан таштандыларды чыгаруу үчүн алынуучу» жыйымдын тарифинин баасын 8 сомго жана шаар тургундарына берилүүчү справкалардын баасын жогорулатуу боюнча сунуш каты менен кайрылган.
Нарын шаардык муниципалдык «Таза-Нарын» ишканасынын жана шаардын аймактарында өткөрүлгөн чогулуштун протоколдорунун негизинде депутаттардын Нарын шаардык Кещешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Нарын шаарында «Калк жашаган аймактардан таштандыларды чыгаруу үчүн алынуучу» жыйымдын тарифи 8 сом болуп бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
2. Шаар тургундарына берилүүчү справкалардын баасы төмөндөгүдөй бекитилсин (тиркеме тиркелет)
· Үй-бүлө тууралуу берилүүчү справка 1даанасы 5 сом;
· Жашагандыгы тууралуу справка 1 даанасы 5 сом;
· Иштебегендиги тууралуу справка 1 даанасы 5 сом;
· Майда мал жандыгы үчүн справка 1 даанасы 5 сом;
· Бодо мал үчүн справка 1 даанасы 5сом;
3 .Нарын шаарында жөлөк пул (пособие) алып жашаган жашоочуларга «Таза-Нарын» ишканасы тарабынан берилүүчү справкалар акысыз (бекер) берилсин.
4. Нарын шаарында «Калк жашаган аймактардан таштандыларды чыгаруу үчүн алынуучу» жыйымдан жана шаар тургундарына берилүүчү справкалардан чогултулган акча каражатын өз багытында, Мыйзам чегинде чыгымдалышына көзөмөл кылуу Нарын шаардык муниципалдык «Таза-Нарын» ишканасынын директору Б.Жакиевге тапшырылсын.
Нарын шаардык кеңешинин |
А.Көкөтаев |