Загрузка документа…
МАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Май айылдык Кеңешинин XXV чакырылышынын кезексиз сессиясы
2015-жылдын 27-июну № 55
Май айыл аймагынын Май айыл өкмөтүнө караштуу айылдык маданият үйү жөнүндө айыл өкмөт башчысы К.Рыскуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңештин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Май айылындагы маданият үйүн ремонттон өткөрүү учун стим.гранттан каралган акча каражатына кошумча өздүк салым 236885 сом акча каражаты накталай жолу менен жергиликтүү бюджетин эсебинен бөлүнсүн.
2. Токтомдун аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн У.М.А.КЭБ башчысы Б.Тажибаевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин социалдык өнүгүү боюнча комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы К.Рыскуловго тапшырылсын.
Май айылдык Кеӊешинин төрагасы |
М. Баялиев |