Загрузка документа…
АЛЛЯ АНАРОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 10-февралы № 8
Алля Анаров айыл өкмөтүнө караштуу Марал-Кол
участкасында жайгашкан Таш кариерлерин ижара акысын карап чыгуу жөнүндө
А.Анаров айылдык кеңешинин депутаттары күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Алля Анаров айыл өкмөтүнүн Ф.Э.Онун башчысынын билдирүүсү канаттандырылсын.
2. Алля Анаров айыл өкмөтүнүн аймагындагы ижарага берилген Таш-кариерлердин «ОсОО «Даннур-Юг», АО УСМ «Водострой» жана ОКЧКТБ (МЧС)тин ижара акылары келишим негизинде мыйзам чегинде көтөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын салык кодексинин мыйзамдарынын негизинде айыл чарбасына багытталбаган жерлердин салык жыйындары эсептелип өндүрүлсүн.
3. Жыл сайын ижара акысы кайрадан эсептелинип карап чыгылсын жана жаңыдан келишим түзүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышы айылдык кеңештин бюджеттик туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн Ф.Э.Б. башчысына милдеттендирилсин.
Алля Анаров айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Э. Абдуллаев |