Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XXI сессиясы
2015-жылдын 19-июну № 133
Коммерциялык максатта пайдаланып жаткан жерлердин абалы жөнүндө
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (V чакырылыштагы) депутаттарынын кезектеги XXII сессиясы, Мырза-Аке айыл өкмөтүнө карштуу турак-жай жана коммерциялык максатта пайдаланылып жаткан жерлердин абалы жөнүндө Айыл чарба, суу чарба, өнөр жай, курулуш, тарнспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиянын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мырза-Аке айыл өкмөтүнө карштуу коммерциялык максатта пайдаланылып жаткан жерлердин абалы жөнүндө Айыл чарба, суу чарба, өнөр жай, курулуш, тарнспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиянын билдирүүсүн эске алынсын жана коммерциялык максатта пайдаланылып жаткан жерлердин иштөөсү боюнча алып барылып жаткан иштердин абалы канааттандырарлык деп табылсын.
2. Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн борборунан Кара-Шоро багытына каттоочу каттамдардан, ар бир таксинин айдоочусунан 20 сом өлчөмдө машина токтоо жай үчүн акы бикитилсин.
3. Ар бир дүкөнгө, тейлөө кызматын көрсөтүүчү обьекттерге ашыкча колдонуп жаткан жер үчүн квадрат метрине 10 сомдон акы төлөө бикитилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Бакыт Тынай уулуна милдеттендирилсин.
Мырза-Аке айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Кимсанов |