Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XXII сессиясы
2015-жылдын 19-июну № 136
Мырза-Аке айылынын тургуну ишкер Сополова Кадыйчанын арызынын
негизиндеги Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн кайрылуусу жөнүндө
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (V чакырылыштагы) депутаттарынын кезектеги XXII сессиясы, Мырза-Аке айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Шоро паркында жайланышкан эс алуу жайына Өзгөн райондук эмгек миграция жана жаштар бөлүмү тарабынан проект түзүлүп, проектинин лидери Сополова Кадыйча тарабынан айыл өкмөтүнүн казынасынан 26 миң сом (жыйырма алты миң) акча түшүрүлгөн, ал каражат боюнча Финансы, экономикалык бюджет жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп талкуулап, төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн казынасына түшүрүлгөн 26 миң сом (жыйырма алты миң) Кара-Шоро эс алуу жайынын жумуштарына жумшоо үчүн проектинин лидери Сополова Кадыйчага бөлүнүп берилсин.
2. Каражатты тез арада бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана ФЭБ башчыга милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Б. Тынай уулуна милдеттендирилсин.
Мырза-Аке айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Кимсанов |