Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XXII сессиясы
2015-жылдын 19-июну № 137
«Түштүк-Алтын-Булак» СПАсынын жетекчиси Ш. Турдукеевтин кайрылуусу жөнүндө
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (V чакырылыштагы) депутаттарынын кезектеги XXII сессиясы, Өзгөн райондук эмгек миграция жана жаштар бөлүмү тарабынан проект түзүлүп, Түштүк-Алтын-Булак» СПАсы тарабынан айыл өкмөтүнүн казынасынан 26 миң сом (жыйырма алты миң) акча түшүрүлгөн, ал каражат боюнча Финансы, экономикалык бюджет жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп талкуулап, төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн казынасына түшүрүлгөн 26 миң сом (жыйырма алты миң) «Түштүк-Алтын-Булак» СПАсынын жумуштарына жумшоо үчүн проектинин лидери Турдукеев Шермаматка бөлүнүп берилсин.
2. Каражатты тез арада бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана ФЭБ башчыга милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Б. Тынай уулуна милдеттендирилсин.
Мырза-Аке айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Кимсанов |