Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XXII сессиясы
2015-жылдын 19-июну № 138
Мырза-Аке айыл өкмөтүнө караштуу «Мырза-Аке Таза Суу» муниципалдык ишканасынын таза суу колдонуучуларынын төлөмдөрүнүн тарифин жогорулатуу жөнүндө
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (V чакырылыштагы) депутаттарынын кезектеги XXII сессиясы, аталган маселени карап Мырза-Аке айылдык Кеңешинин Финансы, экономикалык бюджет жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пунктун жетекчиликке алып, төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн «Мырза-Аке Таза Суу» муниципалдык ишканасынын таза суу колдонуучуларынын төлөмдөрү жан башына 15 сомдон, ал эми үйүнө суу краныын киргизип алган таза суу пайдалануучуларга 200 сомдон бекитилсин.
2. Бул токтом чыккан күндөн баштап төлөмдүн жаңы тарифи боюнча жыйын жүргүзүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Бакыт Тынай уулуна милдеттендирилсин.
Мырза-Аке айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Кимсанов |