Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XXII сессиясы
2015-жылдын 19-июну № 139
Баймуратов Үркүндүн атын Коммунист айылынын Кандава жолундагы көчөсүнө ыйгаруу жөнүндө
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (V чакырылыштагы) депутаттарынын кезектеги XXII сессиясы, аталган маселени карап Мырза-Аке айылдык Кеңешинин Социалдык маселелер, жаштар жана дин иштери боюнча маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп талкуулап, төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мырза-Аке айыл өкмөтүнө караштуу Коммунист айылынын Кандава жолундагы көчөсүнө Баймуратов /ркүндүн ысымын коюу жөнүндөгү кызы /ркүнова Төркүндүн арызы канааттандырылсын.
2. Көчөнүн инфраструктурасын көтөрүүгө кол кабыш кылуу, жашылдандыруу, көрктөндүрүү, шагыл төшөө, көчөдөгү үйлөрдүн катар номерлерин жазып илүү жагы Баймуратов /ркүндүн балдарына, кыздарына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Бакыт Тынай уулуна милдеттендирилсин.
Мырза-Аке айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Кимсанов |