Редакцияот 30,04.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Октябрь айылдык Кенешинин V чакырылышынын X кезексиз сессиясы

 

2014-жылдын 18-марты № 59

Кызыл-Сенир айылынын  көчөлөрүнүн бирине Мамытов Сатыбалдынын ысмын  ыйгаруу жөнүндө

Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин V-чакырылган Х-кезексиз сессиясы Кызыл-Сенир айылындагы айылдык жыйындын токтомун угуп жана талкуулап, депутаттардын, айыл тургундарынын сунуштарын колдоп төмөндөгудөй

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. Мамытов Сатыбалдынын ысымы Кызыл-Сенир айылынын негизги жолунун бешинчи кесилишиндеги көчөгө ыйгарылсын.

2. Көчөнү ар убакта таза кармоо, иретке келтирип, көрсөтмө такталарды үй номерлерин жаздырып илдирүү жагы Мамытов Сатыбалдынын уул-кыздарына тапшырылсын.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Сенир айылынын айыл башчысы  А.Бекиевке милдеттендирилсин.

 

Кызыл-Октябрь

Кеӊешинин төрагасы

 

К. Мусаев