Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Октябрь айылдык Кенешинин V чакырылышынын XI кезексиз сессиясы
2014-жылдын 23-июлу № 82
Эски Покровка айылынын көчөлөрүнүн бирине Эралиев Ураимжандын ысмын ыйгаруу жөнүндө
Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин V-чакырылган ХI-кезексиз сессиясы Эски Покровка айылындагы айылдык жыйындын токтомун угуп жана талкуулап, депутаттардын, айыл тургундарынын сунуштарын колдоп төмөндөгудөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эралиев Ураимжандын ысымы Эски Покровка айылынын Жаңы чек участкасындагы акыркы көчөсүнө ыйгарылсын.
2. Көчөнү ар убакта таза кармоо, иретке келтирип, көрсөтмө такталарды үй номерлерин жаздырып илдирүү жагы Эарлиев Ураимжандын уул-кыздарына тапшырылсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Эски Покровка айылынын айыл башчысы М.Аматовко милдеттендирилсин.
Кызыл-Октябрь Кеӊешинин төрагасы |
К. Мусаев |