Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жошолу айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XX заседаниеси
2015-жылдын 20-июлу № 22/1
Элге ветеринардык кызмат көрсөтүү, жугуштуу оорулардын алдын алуу иштеринин абалын карап чыгып Жошолу айылдык кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Элге ветеринардык кызмат көрсөтүү, жугуштуу оорулардын алдын алуу боюнча айыл өкмөттүн ветеринардык адисинин, «Бектур» ветсервисинин жүргүзгөн иштери «канааттандырарлык» деп табылсын.
2.Айыл башчыларга,вет.адиске милдеттендирилсин:
-Айыл чарба малдарын ветеринардык байкоого алуу, жугуштуу ооруларга каршы эмдөөлөрдү өз мөөнөтүндө жүргүзүү;
-Айыл чарба малдарынын так эсебин алуу,байлоосуз жүргөн ит, мышыктарды атып жок кылуу, өлүктөрүн өрттөп көмүү үчүн атайын чуңкур казуу, талапка ылайык утилизациялоо;
3.Байлоосуз жүргөн,жолбун иттерди атып жок кылууга жана эмдөө жүргүзүү үчүн акча каражатын бөлүп берүу жагы айыл өкмөттүн ФЭБ башчысы Б.Эрмекбаевага милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын камсыздоо айыл өкмөттүн вет.адисине, ал эми көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысына тапшырылсын.
Жошолу айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Иманахунов |