Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жошолу айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XXII заседаниеси
2015-жылдын 20-июлу № 22/3
Жошолу айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Турмуш жана Ленин-Жол айылдарынан таштанды таштоочу жай үчүн жер бөлүп берүү жөнүндөгү маселени карап талкуулап
Жошолу айылдык Кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөткө караштуу Жаңы-Турмуш айылынын Караган-Сай участкасынан 100 чарчы метр жана Ленин-Жол айылынын Караган-Сай участкасынан 100 чарчы метр жер аянты таштанды таштоочу жай үчүн бөлүнүп берилсин.
2. Ушул кабыл алынган токтомдун негизинде жер аянтын чектеп, тиешелүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы Алай райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгы, ошондой эле кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөттүн жер жана коммуналдык турак жай адиси М.Топчубаевге жана айылдык кенештин коммуналдык чарбалар жана курулуш иштери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Жошолу айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Иманахунов |