Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жошолу айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XX заседаниеси
2015-жылдын 20-июлу № 22/5
Жошолу айылдык кеңешинин коммуналдык чарбалар жана курулуш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын, Коммунизм айылындагы жашоочулардын өмүрлөрүнө зыян келтирбөө максатындагы баяндамасы жөнүндө
Жошолу айыл өкмөтүнүн Коммунизм айылынын Жал-Камыш жана Кыз-Эмчек участкаларындагы ашар ыкмасы менен салынган көпүрөлөрдүн авариялык абалга келгендигине байланыштуу жашоочулардын өмүрлөрүнө зыян келтирбөө, сактоо максатында
Жошолу айылдык Кеңешинин кезексиз заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жошолу айыл өкмөтүнүн Коммунизм айылынын жашоочуларынын өмүрлөрүнө зыян келтирбөө максатында, Жал-Камыш жана Кыз-Эмчек участкаларына жаңыдан көпүрө куруу үчүн долбоор жазылып сунушталсын.
2. Айыл өкмөтүнүн акча каражатынын тартыштыгына байланыштуу, бул долбоор ӨКМдин авариялык калыбына келтирүү иштеринин 2015-жылдагы мерчемине киргизип берүү жагы Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Жошолу айылдык кеңешинин коммуналдык чарбалар жана курулуш иштери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Жошолу айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Иманахунов |