Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жошолу айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XX заседаниеси
2015-жылдын 20-июлу № 22/6
Жошолу айыл өкмөтүнүн Ленин-Жол айылына караштуу № 46 А.Бейшеев атындагы негизги мектебине кошумча корпус (ашкана) куруу үчүн түрткү берүүчү гранттан жазылган долбоорду кароо жөнүндөгү Жошолу айылдык кеңешинин V чакырылышынын IX заседаниесинин № 9/6 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Жошолу айылдык Кеңешинин кезексиз заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жошолу айылдык кеңешинин V чакырылышынын IX заседаниесинин № 9/6 токтомунун № 2 пунктуна төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- № 46 А.Бейшеев атындагы негизги мектебине кошумча корпус (ашкана) куруу үчүн түрткү берүүчү гранттан жазылган долбоордун негизинде өздүк салым катары төгүлүүчү акча каражаты демөөрчүлөр тарабынан төгүлгөндүгүнө байланыштуу, жергиликтүү бюджеттин эсебинен акча каражаты бөлүнүп берилбей тургандыгы белгиленсин.
2. Жошолу айылдык кеңешинин V чакырылышынын IX заседаниесинин № 9/6 токтомунун № 3 пункту жокко чыгарылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөттүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысына жана айылдык кеңештин социалдык объектилер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Жошолу айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Иманахунов |