Загрузка документа…
БАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баш-Дөбө айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XV сессиясы
2015-жылдын 3-марты № 15/1
Баш-Дөбө айыл Өкмөтүнүн 2014-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2015-жылга айыл өкмөтүнүн бюджетин бекитүү боюнча 2015-2016-жылдарга проектисин кароо жөнүндө
Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2014-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2015-жылга айыл өкмөтүнүн бюджетин бекитүү боюнча 2015-2016-жылдарга проектисин кароо жөнүндө маселе айылдык Кеңещинин бюджет,Финансы, Салык маселелери боюнча туруктуу комиссиясында алдын ала каралып алардын сунуштарынын негизинде Баш-Дөбө айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2014-жылгы Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгү 3804,6 мин сомго жана чыгаша бөлүгү 3969,4 мин сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
2. 2015-жылга Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кирешелери жана чыгашалары 7144,8 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. 2015-жылга айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджети 3837,1 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
4. Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2015-2016-жылдарга жактырылган болжолдуу көрсөткүчтөрү жана аларды кабыл алууда такталууга жатаары бекитилсин.
5. Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жөнүндөгү мыйзамынын 21- беренесине ылайык айыл өкмөтүнүн резервдик фонду 66,3 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
6. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына 2015-2016-жылдарга жергиликтүү бюджеттердин чыгашаларынын каржылоо биринчи кезектеги тартиптеп королгон беренелер (эмгек акы, социалдык фондко, милдеттүү медициналык камсыздандырууга чегерүү, окуучулардын шашке тамагына жана коммуналдык чыгымдарга) боюнча жүзөгө ашыруу сунушталсын.
7. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына 2335,7 миң сом өлчөмүндө теңдөөчү гранттардын биринчи кезекте королгон беренелер жана комуналдык кызматтар көрсөтүүлөр боюнча чыгашаларды каржылоого багытталсын.
8. Республикалык бюджеттен теңдөөчү гранттардын эсебинен комуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча чыгашаларды толук каржылоо үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жоопкерчилигин алышат
9. Бюджеттик мекемелер, чарба жүргүзүү субьектилер жана жергиктүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан максаттуу багытталышы боюнча пайдаланылбаган Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттары тиешелүү бюджеттерге өндүрүлүп алынсын.
10. Казына системасын четтеп өтүү менен атайын каражаттарды пайдаланууга тыюу салынсын. Көрсөтүлгөн тартип бузулганда атайын каражаттын 100 пайызы Кыргыз Респбуликасынын республикалык бюджетинин кирешесине алынсын.
11. Айланма кассалык калдык (оборотный коссовый наличность) айыл өкмөтүнүн бюджети боюнча жүргүзүлүүчү накталай акча каражаты 2015-жылдын 1-январына карата106,1 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.
12. 2015-жылга ата-энелердин түшкөн атайын каражат 972,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
13. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин бюджет, финансы жана салык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Баш-Дөбө айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ж. Идрисов |