Загрузка документа…
БАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баш-Дөбө айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XVI сессиясы
2015-жылдын 25-августу № 16/3
Баш-Дөбө айыл аймагынын Кашка-Терек айылынын тургуну
Дарбаков Абылкасымга “ардактуу атуулу” наамын берүү жөнүндө
Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн Кашка-Терек айылынын тургундарынын 2015-жылдын 17-августундага жааматтын жыйналышынын токтомунун негизинде Кашка-Терек айылынын тургуну Дарбаков Абылкасымга айылдык Кеңешинин “Ардактуу атуулу” наамын берүү жөнүндөгү сунушун талкуулап Баш-Дөбө Айылдык Кеңешинин кезектеги XVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баш-Дөбө айыл аймагындагы Кашка-Терек айылынын тургундарынын Дарбаков Абылкасымга айыл аймагынын “Ардактуу атуул” наамын берүү боюнча токтому бекитилсин.
2. Баш-Дөбө айыл аймагынын Кашка-Терек айылынын тургуну Дарбаков Абылкасымга Баш-Дөбө айыл аймагынын “Ардактуу атуул” наамы ыйгарылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнүү мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Баш-Дөбө айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ж. Идрисов |