Загрузка документа…
БАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баш-Дөбө айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XVI сессиясы
2015-жылдын 25-августу № 16/4
Айыл өкмөтүнүн бюджетине кошумча түшкөн акчаны бөлүү боюнча
2015-жылдын 19-мартындагы № 393 сандуу чечими менен “Жарык” ЖЧК 469711 сом акча электр энергиясы үчүн соттон утуп алган, 2015-жылдын 20-апрелиндеги №542 сандуу соттун чечими менен Өзгөн райондук Соц фонду айыл өкмөтүнүн карызынын эсебинен 438, 669 сом акчаны утуп алган, ошол себебтен быйылкы жылга жогорудагы чечимдердин негизинде айыл өкмөтүнө бюджетинен кошумча түшкөн акчадан которуп берүү, айыл өкмөтүнүн кызматкерлери кароол жана тазалоочунун эмгек акысы аз болгондуктан айына 1500 сомдон кошуп берүү боюнча талкуулап Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн айылдык Кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Соттун чечими менен утуп алган мекеме-уюмдарына (“Жарык” ЖЧК,Соц фонд) 250 000 сом акча каражаты мыйзам чегинде өткөрүлүп берилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн тех.кызматкерлери кароол жана тазалоочуга ай сайын 1500 сомдон акча каражаты эмгек акысына кошулуп берилсин
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү бюджет, мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Баш-Дөбө айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ж. Идрисов |