КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Суу айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги II cессиясы
2015-жылдын 29-апрели № 2
3-этабына көйгөйлөрдү сунуштоо үчүн Кашка-Суу айылдык аймагында
түзүлгөн конкурстук комиссиянын чечимин бекитүү жөнүндө
Айылды инвестициялоо долбоорунун 3-этабына көйгөйлөрдү сунуштоо үчүн Кашка-Суу айылдык аймагында түзүлгөн конкурстук комиссиянын сунушун талкуулап Кашка-Суу айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз экинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кашка-Суу айылдык аймагында түзүлгөн комиссиянын сунушу эске алынсын
2. Кашка-Суу айылдык аймагына караштуу Жайылма айылына спорт зал куруу боюнча айылды инвестициялоо долбоорунун 3-этабына сунушталсын.
3. Кашка-Суу айылдык аймагына караштуу айылдарда аныкталган көйгөйлөрдү эске алуу менен Айылдык аймактын стратегиялык планы толукталып иштелип чыгылсын.
4. Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо Кашка-Суу айылдык аймагынын башчысы М.Т.Сапаралиевке тапшырылсын
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Экономика инвестицияларды тартуу, жер жана агрардык реформа, өнөр жай, курулуш коминкация боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын .
Кашка-Суу айылдык Кеӊешинин төрагасы | А. Н.Маматаипов |