КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Суу айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги II cессиясы
2015-жылдын 29-апрели № 3
Кашка-Суу айылынын өзгөрүш көчөсүнүн атын өзгөртүү жана ал көчөгө «Улуу Ата Мекендик» согуштун ардагери маркум Шамшиев Алибайдын атын коюу жөнүндөгү көчө тургундары тарабынан жазылган кайрылуусун угуп жана талкуулап, Кашка-Суу айылдык кенешинин V-чакырылышынын кезексиз экинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кашка-Суу айылындагы өзгөрүш көчөсүнүн атын өзгөртүү жана ал көчөгө Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери маркум Шамшиев Алибайдын атын коюу жөнүндөгү көчө тургундарынын сунушу эске алынсын.
2. Кашка-Суу айылындагы өзгөрүш көчөсүнүн атын өзгөртүү жана ал көчөгө Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери маркум Шамшиев Алибайдын аты ыйгарылсын.
3. Юридикалык документерин даярдап бүтүрүү жана көчөнү оңдоп туруу жагы балдарына тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Укук коргоо, депутаттык иш жана этика, мыйзамдуулук, коомдук бирикмелер менен байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кашка-Суу айылдык Кеӊешинин төрагасы | А. Н.Маматаипов |