Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 13-февралы № 4
Кашка-Суу айылынын тургуну Н.Айткулаванын аренда жер боюнча жазган арызын кароо жөнүндө
Кашка-Суу айылынын тургуну Н.Айткулованын «Тейли-Кум » участкасынан берилген 2,0 га жер аянтынын келишим мөөнөтү 2015-жылдын 25-майында бүтүп калгандыктан, ал жерди өздөштүрүп иштетүүдө кетирген чыгымдарын белгилеп, кайрадан ижарага алуу менен, газ түтүгүн алып өтүү үчүн төлөнүүчү компенсацияны алууга ижара келишиминин мөөнөтүн тоорукка койбостон узартып берүү жөнүндөгү арызын угуп жана талкуулап, Кашка-Суу айылдык кенешинин V-чакырылышынын кезексиз экинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Н.Айткулованын жерди өздөштүрүп иштетүүдө кетирген чыгымдарын эске алып тоорукка койбостон ижара келишиминин мөөнөтүн узартып берүү жагын айыл аймагынын башчысы М.Сапаралиевке милдеттендирилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Экономика инвестицияларды тартуу, жер жана агрардык реформа, өнөр жай, жана курулуш коммуникация боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кашка-Суу айылдык Кеӊешинин төрагасы | А. Н.Маматаипов |