Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 25-июну № 2
Кашка-Суу айылдык аймагына караштуу «Эски-Жайылма», «Орто-Коргон» участкаларынан «Кыргызстан-Кытай» (Нитка-Д) газ түтүгүн курууда ар кандай курулмаларды (жумушчулар шаарчасы, компрессордук стация, крандык түйүн, факель жана кошумча жолдорду) куруу үчүн бериллүүчү жер аянттарды бир категориядан экинчи категорияга которууну сунуштоону жана 35 жылдык мөөнөткө убактылуу пайдаланууга жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө
Кашка-Суу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2013-жылдын 11-сентябрында кол коюлган «Кыргызстан-Кытай » газ түтүктөрүн куруудагы жана пайдаланууга берүүдөгү кызматташтык боюнча ратификацияланган мыйзамына ылайык «Кыргыз-Кытай» (Нитка-Д) газ түтүгүнүн ар кандай курулмаларын (жумушчулар шаарчасы, компрессордук станция, крандык түйүн, факель жана кошумча жолдор) курууга 35 жылдык мөөнөткө убактылуу пайдаланууга бериле турган жалпы 16,39 га суулуу айдоо жерди «айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жайынын, трнспорттун, байланыштын, коргоонун жана башка жерлер» категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Жогорудагы 16,39 га айыл чарба багытындагы суулуу айдоо жер аянттарды бир категориядан экинчи категорияга которулгандан кийин ар кандай курулмаларды куру учун «Кыргыз транс газ лимитед компания» жоопкерчилиги чектелген коомуна 35 жылдык мөөнөткө убактылуу пайдаланууга берүү жагы Кашка-Суу айылдык аймагына тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Экономика инвестицияларды тартуу, жер жана агрардык реформа, өнөр жай, курулуш коминкация боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Кашка-Суу айылдык Кеӊешинин төрагасы | А. Н.Маматаипов |