Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 16-сентябры № 4
Кашка-Суу айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги төртүнчү сессиясы Кашка-Суу айылдык аймагынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы К.Жалиловдун 2015-жылдын жергиликтүү бюджетине ОсОО Аньбанк нефть- газовая компаниясынын лицензия кармап туруу үчүн төлөмүнө 3169,5 миң сом бюджеттке бекитилген пландан ашычка акча каражатын түшкөндүгү жөнүндөгү баяндамасын угуп жана талкуулап, Кашка-Суу айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги төртүнчү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бюджетке ашыкча чегерилген акча каражаты 2015 жылдын 9 айынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн 14151200 статьясынын планына кошумча кошулсун.
2. 2015-жылдын жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнө кошулган 3169,5 миң сом кошумча акча каражатын төмөндөгүдөй тартипте бөлүштүрүлсүн.
Аппарат бөлүмүнө - 2085000 сом
Мектептер бөлүмүнө - 570200 сом
Бала бакчалар бөлүмүнө - 200000 сом
Клубдар бөлүмүнө - 314348 сом (тиркеме тиркелет)
Бардыгы - 3169548 сом
Кашка-Суу айылдык Кеӊешинин төрагасы | А. Н.Маматаипов |