Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 16-сентябры № 5
Афганистан Ислам Республикасынын Чоң жана Кичи Памиринде жашаган этникалык Кыргыздарды жайгаштыруу үчүн Кашка-Суу айылдык аймагынын Тейли-Кум участкасынан жер аянтын берүү жөнүндө
Чоң-Алай райондук Эмгек, миграция жана жаштар бөлүмүнүн жетектөөчү адиси А.Сайпидиновдун Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин 2015-жылдын 26-майындагы Афганистан Ислам Республикасынын Чоң жана Кичи Памиринде жашаган этникалык Кыргыздарды жайгаштыруу жөнүндөгү №04-24/3661 чыгуу катынын негизинде берген маалыматын угуп жана талкуулап, Кашка-Суу айылдык кенешинин V-чакырылышынын кезектеги төртүнчү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Афганистан Ислам Республикасынын Чоң жана Кичи Памиринде жашаган этникалык Кыргыздарды жайгаштыруу үчүн Кашка-Суу айылдык аймагынын Тейли-Кум участкасынан, Тейли-Кум каналынын батыш тарабынан чоң жол менен Кызыл-Суу дарыясынын ортосунан 20 га айыл чарбасына жарактуу, түшүмдүүлүгү төмөн таштак жайыт эсебиндеги жер аянты бөлүнүп берилсин жана мал жандыктарын багуу үчүн Айыл аймагына караштуу жалпы жайыттан пайдаланууга уруксат берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы Кашка-Суу айылдык аймагына тапшырылсын
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Экономика инвестицияларды тартуу, жер жана агрардык реформа, өнөр жай, курулуш комуникация боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Кашка-Суу айылдык Кеӊешинин төрагасы | А. Н.Маматаипов |