Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 16-сентябры № 6
Айыл тургундарынын арызын кароо жөнүндө
Кашка-Суу айылдык аймагынын башчысы М.Сапаралиевке, айыл аксакалдарына, жана депутаттардын атына жазылган айыл тургундарынын, айылда спиртик ичимдиктерди саттырбоо жөнүндөгү аялдар арыз менен кайрылгандыгын угуп жана талкуулап Кашка-Суу айылдык кенешинин V-чакырылышынын кезектеги төртүнчү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кашка-Суу айыл аймагындагы айылдарда мыйзамсыз спиртик ичимдиктерин сатууга тыйуу салынсын, токтомду аткарбаган жарандар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын ишке ашыруу жагы Айылдык кеңештин укук коргоо, депутаттык иш жана этика, мыйзамдуулук, коомдук бирикмелер менен байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына , аксакалдар сотуна, аялдар комитетине, милициянын участкалык инспекторуна милдеттендирилсин
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык аймагынын башчысы М.Сапаралиевке милдеттендирилсин.
Кашка-Суу айылдык Кеӊешинин төрагасы | А. Н.Маматаипов |